«Ош-Тазалык» медициналык таштандылар үчүн контейнерлерди орнотту

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

«Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасы COVID-19 жана пневмониядан үй шартында дарыланып жаткан бейтаптардын медициналык таштандыларын чыгаруу үчүн атайын контейнерлерди орнотту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган контейнерлер Ош шаарынын төмөнкү даректеринде жайгашкан: Кулатов көчөсүнүн 14-үйдүн жанында, Айтиев көчөсүнүн 13-үйдүн жанында, «Манас-Ата» кичи райнундагы (мурдагы ХБК) «Семетей» кинотеатрынын жанында, «Карл Маркс» атындагы мектептин жанында.

Мындан сырткары, «Ош-Тазалык» COVID-19 менен ооругандар жайгашкан обсервациялардан жана башка саламаттыкты сактоо мекемелеринен медициналык жана башка кооптуу таштандыларды таштанды полигонунда атайын чуңкурларды каздырып даярдады.

11-августка карата Ош шаарында коронавирустун жалпы 3 223 учуру катталды. Ооругандардын 2 598и айыгып, ал эми 123 бейтап каза болду.