Өзүнөн 16 жаш кичүү кызды ала качкан киши эки айга камалды

Иллюстративдик сүрөт

Бишкектин Биринчи май райондук соту 21 жаштагы кызды борбор калаадан Ысык-Көл облусуна ала качкан кишини эки айга тергөө абагына киргизди. Маалыматты Биринчи май РИИБден тастыкташты.

Ал менен бирге кармалган аял жана эркек — болжол менен үйлөнчү кишинин эжеси жана иниси — үй камагына чыгарылды.

Кулпунай талаасында уурдалган кыз

21 жаштагы кызды Бишкек шаарындагы Калыс-Ордо конушундагы кулпунай талаасынан 7-августта ала качып кетишкен. Кызды ал менен бирге иштеген аял байкап, өзүнүн бир тууганына алып берүүнү көздөгөн. Шектүү аял кызга «кафеге иштөөнү» сунуштап, алар бирге таксиге отурушкан. Кийинчерээк жолдо алардын унаасына белгисиз эки эркек отуруп, кызды Ысык-Көл облусунун Түп районуна ала качышкан.

Алгач коомчулукка бул кылмыш тууралуу «Кылым шамы» адам укугун коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдирасулова кабарлаган. Кийинчерээк милиция кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Коочу айылында «кызды бекитип отурган жеринен табышкан».

Ал эми 9-августта «ала качууга» шектелип эки эркек жана бир аял кармалган — алгач алар 38 жаштагы «күйөө баланын» эжеси, иниси жана таекесинин баласы экени кабарланган. Кийинчерээк кызды уурдоого ага үйлөнгүсү келген жаран да катышканы ортого чыккан.

Камакка алынган шектүү буга чейин үч жолу үйлөнгөн жана балдары бар экени белгилүү болду.

Азиза Абдирасулова билдиргендей, шектүүлөрдүн туугандары жабырлануучу тарапты тосмо арыз жаздырууга аракет кылышууда.

Жазык кодекси боюнча никеге туруу үчүн адамды эркине каршы уурдагандар 5 жылдан 7 жылга чейинки эркинен ажыратылат. Жашы жете электи ала качкандарга 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жана 200 миң сомго чейин айыпка жыгуу жазасы каралган.

ИИМдин кызматкерлери 2013-жылдан 2018-жылга чейин, «ала качуу» боюнча болгону 168 кылмыш ишин ачканы кабарлаган. Ал эми 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында эле милиция 188 «ала качуу» фактысын каттаган.

БУУнун гендердик маселелер боюнча баяндамасына ылайык, Кыргызстандагы ар бир бешинчи үй-бүлө ала качуу жолу менен курулган.