Бишкекте ачык асман алдындагы спорт аянтчаларынын иши жанданды

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, 10-августтан тарта шаардыктардын «ден соолугун бекемдөө максатында» ачык асман алдындагы спорт аянтчаларынын иштешине уруксат берилди. Борбор калаанын мэри Азиз Суракматов тиешелүү буйрукка кол койду.

«10-августтан тартып футбол, гандбол, баскетбол, теннис, анын ичинде стол тенниси, бейсбол, бадминтон, гольф, башкача айтканда спорттун бардык түрлөрү менен машыгып баштаса болот. Бирок санитардык нормаларды жана эрежелерди толук сакталышы керек», — деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Батут, велосипеддерди ижарага берүү, тойкана, түнкү клуб, бар, караоке, балдар аянтчаларынын жана оюн-зоок мекемелеринин ишине салынган тыюулар дагы деле күчүндө.

Чектөөчү чаралар 2020-жылды 10-майында өзгөчө абал режими алынгандан кийин киргизилген. Ал убактан бери чектөөлөр бир нече жолу жеңилдетилген. Кыргызстанда 22-марттан бери өзгөчө кырдаал режими иштеп келет.

Бишкектин мэриясы 7-августта шаардын кирип-чыга беришине коюлган бардык 12 санитардык-карантиндик посттун алынганын кабарлаган.

3-августтан тарта Бишкекте «экономикалык туруктуулукту камсыздоо үчүн» коомдук транспорттун, супермаркеттердин жана кафелердин иштөө сааты узартылган.

Мэр Азиз Суракматовдун буйругуна ылайык, эми автобус, троллейбус жана маршруткалар эртең мененки саат 7:00дөн 11:00гө чейин жана 14:00дөн 23:00гө чейин иштейт, ошондой эле алар санитардык тыныгуу алып, дезинфекция өткөрүп турууга милдеттүү. Ал эми дем алыш күндөрү коомдук транспорттордун иши токтотулат.

Аянты 100 квадрат метрден ашкан соода борборлор, супермаркеттер, дүкөндөр тармагы күн сайын эртең мененки 7:00дөн түнкү 12:00гө чейин иштешет, ал эми кафе жана ресторандар — эртең мененки саат 7:00дөн кечки саат 22:00гө чейин иштейт. Аны менен бирге жеткирүү кызматтарынын ишине толук уруксат берилген — аларга карата убакыт боюнча чектөөлөр жок.

Мэриядан чектөөлөр Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин күчүндө болоорун жана ошондой эле, менчик формасына карабастан бардыгы үчүн милдеттүү экенин белгилешти.

Бийлик транспорттун жана башка ишмердиктердин ишине чектөөлөрдү июль айында шаардагы абал начарлап кеткенден кийин киргизген. Ошондо коронавируска кабылгандардын көбү Бишкекте катталып, анын айынан ооруканалар толуп кеткен. Ооруканалардын ишин жеңилдетүү үчүн бийлик күндүзгү жана түнкү стационарларды ачкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемиянын башынан бери өлкөдө коронавирус жуктуруунун 40 759 учуру катталган, алардын ичинен 16 874 учуру Бишкекте аныкталган.

Өлкөдө коронавирус жана пневмониядан 1 484 адам кайтыш болду.