Соцтармактарга жарыяланган видеонун скрини

Бишкек - Ош чоң жолунун 239-чакырымында Чычкан капчыгайында күйүүчү май ташыган автоунаанын чиркелген прицеп-цистернасынан өрт чыккан. ӨКМдин маалыматы боюнча кырсык болгон жерге куткаруучулар саат 12:19да чыгып кетишкен.

«Өрт ачык аянтта куураган чөпкө өтүп кеткендигине байланыштуу кошумча 24 куткаруучу, Токой чарбачылыгынан 9 кызматкер тартылган. Унаалардын өтүүсү ЖКККББ тарабынан көзөмөлдөнүүдө», - деп ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле, өрт саат 17:00дө чектөөгө алынып, учурда өчүрүү иштери улантылып жатканы кабарлынды.

Социалдык тармактарда тараган видеодон жол четине токтоп турган машинаны жалын каптап, андан кара түтүн чыгып жатканын көрүүгө болот. Андан сырткары кара түтүн жолду каптагандыктан 20-30 метрдей аралык таптакыр көрүнбөй калган. Видеодо ЖКККБдин кызматкерлери жол кыймылына көз салып жатканы даана көрүнөт. Ошол эле маалда башка май ташыган машиналар жолдон өтө албай, кезек күтүп калганы да тартылган.

«Сейчас KG» телеграм каналына көпүрөнүн жанында кырсыктаган экинчи май ташыган машинанын видеосу жарыяланды. Ал жердеги маалымат боюнча кырсыктан айдоочу каза болгон. Ал рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Видеодон көпүрөнүн жанында оодарылып жаткан машинанын алоолонуп күйүп жатканын көрүүгө болот. Экинчи видео боюнча ӨКМ маалымат бере элек.