COVID-19 дагы 6 кишинин өмүрүн алды — аймактар боюнча көрсөткүч

Иллюстративдик сүрөт

Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус жуккан 6 бейтаптын өлүмү катталды. Бул тууралуу 12-августтагы брифингде Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында, Баткен, Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында бирден киши көз жумду.

Ушуну менен өлкөдө COVID-19дан каза болгондордун саны 1 484кө жетти — бул статистикага коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмониядан көз жумган бейтаптар кирет.

Кыргызстанда коронавирус жалпы 40 759 адамга жукту. Илдеттен 33 027 адам айыгып, 6 443 бейтап ооруканаларда калууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.