«Көйгөйлөрдү жакшы билем». Президент иш сапары менен Баткенге барды

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-августта иш сапары менен Баткен облусуна барды. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтында жарыяланды.

Өлкө башчы облустагы реконструкцияланып жаткан облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү менен таанышкан.

Ал медкызматкерлер менен баарлашып, өлкөнү санариптештирүү саясатынын максаттары жана милдеттери жөнүндө айтып берип, дарыгерлердин өздөрүн да санариптештирүү процессине активдүү катышууга чакырган. Ошондой эле ал, саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү жакшы билерин белгилеген.

«Коопсуздук Кеңеши бир жарым жылдан бери саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү иликтөө үстүндө иштеди. Биз жакынкы аралыкта кырдаалды жакшыртуу үчүн бул маселени ар тараптуу карап чыгабыз. Пандемия системанын бардык болгон көйгөйлөрүн ачыкка чыгарды», — деген ал.

Аталган Үй-бүлөлүк медицина борборунун эски имаратында 90 орундуу жаңы оорукананы ачуу үчүн оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштери жүрүүдө. Оңдоп-түзөө иштерин үстүбүздөгү жылдын август айынын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.

Учурда Баткен облусунун жана Баткен шаарынын 116 миңден ашуун жашоочуларын 45 орундук жугуштуу оорулар бөлүмү тейлөөдө — бул жергиликтүү калктын муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жетишсиз.

«Баткен ар дайым менин жүрөгүмдө»

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Президент мындан сырткары баткен өрүгүн кайра иштетүү жана сорттоо боюнча логистикалык борбордун жана текстиль фабрикасынын курулушунун долбоорлору менен таанышып, курулушка капсула салды.

Аталган долбоорлорду Баткен шаарынын өнөржай аймагында ишке ашыруу каралып, ал үчүн 4 гектар жер бөлүнгөн. Ал эми жергиликтүү өрүктү кайра иштетүү боюнча долбоорго 8 млн АКШ долларына жакын инвестиция салынган.

Долбоор ишке кириши менен 200 жумушчу орду түзүлүп, жергиликтүү фермерлер өздөрүнүн Баткен өрүгүн сатууну жөнгө сала алышат. Жыл сайын 8 тонна өрүктү кайра иштетүү үчүн мүмкүнчүлүк пайда болот. Өлкө башчы долбоорлорду ишке ашыруу Баткен облусунда жакшы саамалык болгонун кошумчалаган.

Ошондой эле текстиль фабрикасын куруу боюнча долбоордун жалпы суммасы дээрлик 6 млн АКШ долларына бааланууда — 2021-жылдан тартып фабрика Баткен шаарынын калкы үчүн кошумча 1000 жумушчу ордун түзүүнү жана жыл сайын 400 млн сомго жакын продукция чыгарууну пландаштырууда.

«Баткен ар дайым менин жүрөгүмдө, мен ага өзгөчө көңүл бурам. Биз социалдык объектилердин санын жыл сайын көбөйтөбүз. Пандемия шартында айрым багыттарды каржылоонун кыскарышы аймактын социалдык-экономикалык долбоорлорду жүзөгө ашырууга таасирин тийгизбейт», — деп белгилеген Жээнбеков.

«Ички жолдор оңдолот»

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Ал мындан сырткары облустагы ички жолдордун курулушу жана реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышып, Курманжан-Датка көчөсүндөгү асфальт төшөө иштерин көрүп чыкты.

Аталган көчөнүн 1,1 чакырымына кум шагыл жана асфальт төшөө иштери жүрүп жатат.

Өлкө башчы региондордогу ички жолдорду оңдоонун сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырып, бул багыттагы иштер кийинки жылдарда да улантыла тургандыгын белгилеген.

Президент 12-13-август күндөрү иш сапары менен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында болот.

Буга чейин ал иш сапары менен Ысык-Көл жана Талас облустарына барган. Өлкө башчы аймактардагы медициналык мекемелердин абалы, айыл-чарба ишмердүүлүгү жана таза суу менен камсыздоо маселеси менен таанышкан.