Өлкөдө COVID-19га 304 киши чалдыкты — жалпы 40 759 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 12-августта коронавирустун жаңы 304 учуру катталганын кабарлады. Илдетке чалдыккандардын арасында 14 медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Бишкек шаары — 88;

Баткен облусу — 43;

Ош облусу — 42;

Ысык-Көл облусу — 37;

Жалал-Абад облусу — 28;

Чүй облусу — 27;

Ош шаары — 21;

Нарын облусу — 11;

Талас облусу — 7.

Ушуну менен COVID-19 жуктуруп алган жарандардын саны 40 759га жетти — алардын 17 711и лабораториялык тастыкталган. Калган 23 048 бейтапта ооруканадан сырткары пневмония аныкталган. Ооруну жуктуруп алгандардын арасында 2 981 медициналык кызматкер бар.

Коронавиурсту жуктуруп алгандардын 33 027 — башкача айтканда 81 пайызы айыгып, 1 484 киши каза болду. Учурда 6 443 бейтап ооруканаларда калууда.

Эң көп бейтап Бишкек шаарындагы стационарларда дарыланып жатышат — 2 963. Ошондой эле Ош облусунда — 899, Чүй облусунда — 597, Ысык-Көл облусунда — 493, Жалал-Абад облусунда —442, Ош шаарында — 530, Баткен облусунда — 364, Нарын облусунда — 104 жана Талас облусунда — 51 киши ооруканаларда калууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.