Бир суткада коронавирустан дагы 291 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 13-августта бир сутка ичинде коронавирустан 291 бейтап айыкканын кабарлады.

Илдеттен арылгандардын эң көбү Ысык-Көл облусунда катталды — 76. Ошондой эле, илдеттен Ош облусунда — 46, Чүй облусунда — 35, Жалал-Абад облусунда — 41, Бишкек шаарында — 46, Баткен облусунда — 20, Талас облусунда — 3, Ош шаарында — 13 жана Нарын облусунда — 11 бейтап сакайып үйлөрүнө чыгарылды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан 33 318 бейтап айыкты.

Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 41 069га жетти. Аталган илдет 1 487 кишинин өмүрүн алды.