COVID-19дан үч бейтап көз жумду — жалпы 1487 киши кайтыш болду

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 13-августтагы брифингде акыркы суткада COVID-19га чалдыккан дагы үч бейтап көз жумганын билдирди.

Бишкек шаарында, Ош облусунда, Жалал-Абад облусунда бирден бейтап кайтыш болду.

Коронавирус өлкөдө жайылгандан тарта пневмония менен ооругандардын жана каза болгондордун саны да кескин өсүп кеткен. Пневмония менен каза болгондор коронавирустун статистикасына дээрлик төрт ай кошулбай келген. Анын себебин Сааламаттык сактоо министрлиги пневмонияга чалдыккандардан COVID-19 аныкталбагандыгы менен түшүндүрүп келген.

Өкмөт жарандар пневмония менен коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандын негизинде ооруп жатканын тастыктагандан соң статистикалар бириктирилген.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 1 487 киши көз жумду — 30-июлдагы маалыматка караганда алардын арасында 73 медкызматкер бар.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, каза болгондордун 231инде COVID-19 лабараториялык аныкталаган, ал эми калган 1 226 киши пневмониядан улам кайтыш болгон.

Өлкөдө коронавируска чалдыккандардын саны 41 069га жетти. Жалпысынан 33 318 киши аталган илдеттен сакайды.