Караколдо пара опузалаган милиционерлерге 10 млн сомдон ашуун айып пул салынды

Иллюстративдик сүрөт

Пара опузалаган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык милициясынын үч кызматкерине 10 млн 150 миң сом айып пул салынды. Өкүмдүн көчүрмөсү Жогорку соттун сайтында 10-августта жарыяланды.

Сот милиционерлерди «Опузалап пара алуу», «Пара алуу» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери менен күнөөлүү деп тапкан.

Өкүмдө көрсөтүлгөндөй, 2017-жылдын апрель айында Ак-Суу аймактык милициясына аял киши арыз менен кайрылып, аны «үч эркек киши зордуктаган» деп билдирген. Милиционерлер арызды каттабай туруп, «шектүү» үч киши менен ошол эле күнү жолугушуп кылмыш ишин жабуу үчүн 100 миң сом талап кылган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин паранын өлчөмү 70 миңге түшкөн.

Зордуктоого шектелген үч киши милиция кызматкерлерине алгач 25 миң сомдой каражат берип, кийнчерээк Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке кайрылган. Анын эртеси күнү, кызматкерлердин бири калган 45 миң сом каражатты алган. Кийинчерээк, милиционерлердин бири — аймактык милициянын улук ыйгарым укуктуу оперкызматкери — УКМК кызматкерлеринин колуна түшкөн. Калган эки кызматкер Бишкеке качып, бирок көп өтпөй алар да кармалган.

Тергөө учурунда үч киши «жабырлануучуну» зордуктаганы боюнча кылмыш далилденбей, милицияга кайрылган аял да шектүүлөрдүн катарына кошулган. Аял «Опузалап пара алуу» беренеси менен күнөлүү деп табылып, ага 4 млн сом айып пул салынды.

Мындан сырткары, үч милиционер кызматынан бошотулуп, укук коргоо органдарында иштөө укугунан үч жылга ажыратылды.