Коронавирус жуктуруп алган кишилердин саны 41 миңден ашты

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Хамидулло Узаков / Kloop.kg

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 13-августта коронавирустун жаңы 310 учуру катталганын маалымдады. Ооруга чалдыккандардын 75инде COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 235инде клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаарында — 99;

Ош облусунда — 35;

Баткен облусунда — 19;

Жалал-Абад облусунда — 54;

Чүй облусунда — 15;

Ош шаарында — 16;

Ысык-Көл облусунда — 55;

Талас облусунда — 9;

Нарын облусунда — 8 кишиде коронавирус аныкталды.

Жалпысынан COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 41 069га жетти — 2271 медкызматкер бар. Анын ичинен 33 318 бейтап айыгып, 1 487 киши көз жумду.