Бостериде көл жээгинен бала уурдоого шектелген кыз кармалды

Сүрөт: Кактус Медиа

Ысык-Көл ОИИБи бала уурдоого шектелген Бишкектин 19 жашар тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилгенин билдирди. Ал Бостери айылындагы көл жээгинен 2 жаштагы кызды уурдоого аракет кылган.

Окуя 8-августта болгон, ал эми 12-августта кыздын апасы менен кармалган жаран беттештирилген.

Шектелген жаран көл жээгинде кароосуз калган кичинекей кызды көрүп калып, аны милицияга алып барууну көздөгөнүн айтып ишендирүүдө. Бирок, шектүү жаран кичинекей кыз менен Бишкекти көздөй бараткан маршруткадан табылган.

Баланын апасынын айтымында, анын кызы башка балдар менен көл жээгинде ойноп жаткан жана ага эжеси көз салып турган. Анан эжеси алаксып кетип, баласы жоголуп кеткен. Ошол жерде эс алып жаткандар баланы бир кыз көл жээгинен алып кеткенин айтып беришкен. Баланы алып кеткен кыз ошол эле пансионатта курбу кыздары менен эс алып жатканы маалым болгон.

Жоголуп кеткен кыздын ата-энеси Башкы прокуратурага жана УКМКга кайрылышкан.

Кичинекей кыздын апасымын деген

Эс алуу борборунун кызматкерлери жана көл жээгинде эс алып жаткандардын айтымында, бала уурдоого шектелип кармалган кыз баланын апасымын деп билдирген.

Окуяга күбө болгон жаран «Кактус» басылмасына бала анын ити менен ойногонун айтып берген. Ал баланын ата-энеси кайда деп сураганда жаш кыз келип, баланын апасымын деп айткан.

Бул кыз баланы алып кеткенден кийин башка аял — баланын эжеси чуркап келген. Ал баланын сүрөтүн көрсөтүп, аны ким көрүп-көрбөгөнүн сураштырган.

Шектүү кыз эс алуу борборунун кызматкерлерине дагы баланын апасымын деген. Бирок баланын апасы айтып бергендей, маршрутканын жүргүнчүсү бала башка адам менен отурганын түшүнүп, башкаларга кабарлаган.

«Кыздан “колуңдагы кимдин баласы” деп сурашканда ал аныкы деп жооп берген. Ошол убакта кызымды издөөгө чыккан жергиликтүү тургундар чогулуп калышкан. Алар микроавтобустун Бишкекке кетчү жолун тороп, милиция кызматкерлерин чакырышкан», — деп айтып берген баланын апасы «Кактус» басылмасына.

Баланын апасы кармалган кыз «психикалык жактан ооруй турганын» айтууда. Анын айтымында, шектүү кыз ага телефондон психикалык оорусу бар экенин жана ага «эч нерсе болбоорун» билдирген. Мындан тышкары, шектелип кармалган жаран кыздын апасы милициядан арызын алышы үчүн ага акча сунуштаган.

Ысык-Көл ОИИБинен кыздын туугандарына таянып, анда психологиялык оорусу бар экенин жана ал Чым-Коргон психиатриялык ооруканасында дарыланганын ырасташты. Милиция ага экспертиза дайындады.