Видео: Бишкекте жолдо жаткан кишини аёосуз сабап, качып кеткен киши кармалды

Социалдык тармактарда 14-августта эркек киши жерде жаткан адамды аёосуз сабап жатканы тартылган видео тарады. Тасмада көрүнүп тургандай, киши эс-учун жоготкон абалдагы жабырлануучуну белине, башына катуу тепкилеп, колу менен сүйрөп ур-токмокко алган. Андан соң унаага отуруп кетип калган.

Патрулдук милиция башкармалыгы билдиргендей, окуя Бишкек шаарындагы Кайыңды конушунда 13-августта болгон. Укук коргоо органдарына кечки саат жетилер чамасында аталган аймакта киши сабалганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге патрулдук милиционерлер барган. 50 жаштагы аял арыз жазып, инисин белгисиз бирөө сабап качып кеткенин билдирген.

Милиционерлер 34 жаштагы шектүүнү кармап, Свердлов РИИБге жеткирди. Ага карата «Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш башталды.