Бишкекте активисттер Беларустагы митингчилерди колдоп акция уюштурушту

17-августта Бишкектин активисттери Беларуста митингге чыккандарды колдоп акция уюштурушту. Беларус элчилигинин имаратынын алдында онго чукул адам чогулду.

Акцияга «Бир Дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын мүчөлөрү жана башка укук коргоочулар катышты. Укук коргоочу Рита Карасартова активисттер Беларустагы шайлоону бурмалагандарга каршы чыккандарды колдоо үчүн келишкенин билдирди.

«Биз зомбулукка жана беларустардын кармалып жатышына каршыбыз. Баарыбыз эркин өлкөдө жашагыбыз келет. Биздин жаштар таза шайлоо үчүн. Коңшуларыбызда эркиндик болушун, алардын өнүгүп-өсүшүн каалайбыз», — деди ал.

Активисттер «Жыве, Беларусь», «Биз таза шайлоо үчүн», «Зомбулукка каршыбыз» жана башка ураандарды кыйкырышты.

Шайлоодон кийинки нааразычылык акциялар

9-августта Беларустун Боршайкому шайлоонун жыйынтыгында учурдагы президент Александр Лукашенко 80,1%дан ашык добуш алганын билдиргенден тарта өлкөдө нааразычылык акциялары жана иш таштоолор уланып жатат.

Бүт оппозиция анын башкы атаандашы Светлана Тихановскаянын айланасына бириккени менен БШКнын маалыматы боюнча Тихановская шайлоочулардын 10,1%ына гана ээ болгон.

Шайлоонун өзү болсо чыңалган кырдаалда өткөн — байкоочуларды жана журналисттери шайлоо участкаларына киргизбей же кармап турушкан, мындан тышкары өлкөдө интернетке кирүүдө көйгөй жаралган. Шайлоо участкаларына кирүүгө жетишкен көз карандысыз байкоочулар көптөгөн эреже бузуулар болгонун кабарлашкан.

Анткен менен белорустардын көбү Тихановскаяга караганда Лукашенко көп добуш алганына ишенишкен эмес. Светлана Тихановскаянын штабынан ал бери эле дегенде 20 шайлоо участкасынан Лукашенкодон көп добуш алганын билдиришкен.

Натыйжада Беларустун борбору Минск шаарында 15 миңден ашуун митингчилер чогулушкан. Нааразычылык акциялары өлкөнүн башка шаарларында да өткөн.

Алгачкы үч күн бою бардык милиция кызматкерлери митингчилерге каршы көздөн жаш агызуучу газ, суу аткычтарды, катуу үн чыгаруучу гранаталарды жана резина окторду колдонушкан.

Милиция менен аскер кызматкерлердин кылган зомбулуктары Минскте, Бобруйскта, Половковичиде, Брестте, Гомелде, Витебскте, Гроднодо, Могилевде, Мозырде жана Березада видеолордо жана оппозициялык ресурстардын билдирүүлөрүндө катталган.

Мындан тышкары, күч түзүмдөрүнүн аракеттеринен жергиликтүү жана чет элдик журналисттер дагы жабыркаган.

ИИМдин маалыматы боюнча, алкачкы күндөрү 7 миңге чукул адам кармалып, эки адам каза тапкан. Дароо шайлоодон кийин өлкөдө интернет бөгөттөлүп, күч түзүмдөрү митингчилерди таркатып жатканда өзгөчө зомбулук көрсөтүшкөн.

ЖМКлардын эсеби боюнча, жекшемби күнү, 16-августта, Минсктин көчөлөрүнө 200 миңден ашуун адам чыккан. Бул нааразычылык акциясы көз карандысыз Беларустун тарыхындагы эң ири акция болду. Тихановскаянын тарапташтары кызыл-ак байрактарды, президент Александр Лукашенконун отставкасын , акыйкат шайлоону талап кылып, зомбулукка каршы болууга чакырган плакаттарды көтөрүп өрчыгышкан.

Митингчилер «Жыве Беларусь», «Уходи!» (Лукашенкого даректелген урандардын бири) жана «Выпускай!» (бул уран менен активисттер кармалган митингчилерди бошотууну талап кылышкан) деген ураандарды кыйкырышкан.