Коронавирус дагы 135 кишиден аныкталды — жалпы 41 991 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 17-августтагы брифингде коронавирустун жаңы 135 учуру катталганын маалымдады.

Ооруга чалдыккандардын 57синде COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 78инде клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек — 35;

Жалал-Абад облусу – 25;

Чүй облусу – 21;

Баткен облусу - 19;

Ысык-Көл облусу – 15;

Ош облусу - 13;

Талас облусу – 3;

Нарын облусу – 3;

Ош – 1 кишиде коронавирус аныкталды.

Жалпысынан COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 41 991ге жетти. 18 080 кишиде COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 23 911 бейтап пневмонияга чалдыккан.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 17 174. Ал эми Чүй облусунда — 5 219, Ош шаарында — 3 337, Ош облусунда — 3 893, Нарын облусунда — 1 650, Жалал-Абадда — 3 823, Ысык-Көлдө — 3 460, Баткенде — 2 094 жана Талас облусунда — 1 341 учур катталды.

Ал эми Кыргызстанда коронавирус менен ооруган бейтаптардын 34 567си айыгып, 1 496 киши көз жумду. Каза болгондордун арасында 262синде COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 1 234үндө клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.