Бишкек мэриясынын тийиштүү кызматтары айнек дубалдардын бетин жаап жатышат.

Бишкек мэриясы борбор калаадагы «Ден соолук» паркындагы ажатканалардын айнек дубалдарын атайын жабыштырма менен каптап жапты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан «Клоопко» билдиришти.

Буга чейин 24.kg маалымат агенттиги жаңы ачылган парктагы ажатканалардын дубалдары айнек болгондуктан анын ичи көрүнүп жатканын жазган.

24.kg маалымат агенттигине жарыяланган сүрөт

Маалымат агенттигине шаар тургундарынын бири кайрылып, нааразычылыгын айткан. Ал жалпысынан парктагы ажаткана жакшы экенин бирок кечинде анын ичиндегилердин бардыгы аквариум сыяктуу сыртта жүргөндөргө көрүнөрүн билдирген.

Ажаткананын айнек дубалдарына атайын жабыштыргыч чапталды. Сүрөт: Бишкек мэриясы

Аталган жаңы парктын аянты сегиз гектарды түзөт. Анын ичинде веложол, 300 кишиге ылайыкталган амфитеатр жана медициналык пункт бар. Учурда бардык иштер аяктады, жакын арада колдонууга берилет. Президент Сооронбай Жээнбеков паркка Медакадемиянын студенти Адинай Мырзабекованын атын берүүнү сунуштады. Ал Бишкектеги Discovery мейманканасында ачылган убактылуу стационарлардын биринде иштеп жатып каза болгон. Саламаттык сактоо министрлигинин кабарлашынча, студент кыз эки тараптуу пневмниядан улам каза болгон. Мырзабекова президенттин буйругу менен «Эрдик» медалы менен сыйланды.