Шайлоо 2020: Депутат Дастан Бекешев «Реформа» партиясына кошулду

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев келе жаткан шайлоого «Реформа» партиясы менен барат. Бул тууралуу Бекешев твиттеринде билдирди.

«Биз жаңы тарых жаратабыз», — деп жазды Бекешев.

Партиянын өзүнөн билдиришкендей, Бекешевдин кошулуусу менен алар «күчтүүрөөк болуп калды».

https://twitter.com/Reforma_kg/status/1295383077150240768

Дастан Бекешев парламенттин эки чакырылышынын депутаты болгон — ал 2010-жылы Жогорку Кеңешке «Ар-Намыс» партиясы менен келген, ал эми 2015-жылы бийликтин КСДП партиясы менен шайлоого катышкан. Ал парламентте иштеп турган убакта калк арасында белгилүү эмес болгон мыйзам долбоорлоруна бир нече жолу каршы чыккан.

Шайлоо 2020

Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт. Учурдагы депутаттардын көбү парламентке келген партияларынан чыгып, келе жаткан шайлоого катышуу үчүн башка партияларга кошулууда.

Өзүн оппозициячыл партия деп көрсөткөн «Реформа» 2012-жылы түзүлгөн. Бирок келе жаткан шайлоого жаңы курамы менен катышат.

Партиянын башчысы юрист, Конституциялык соттун экс-судьясы Клара Сооронкулова болду. Партияга негизинен жарандык активисттер кирген.

«Биздин партия түп-тамырынан бери реформа жүргүзүү үчүн, Кыргызстанда түзүлүп калган коррупция системасын жана кланчылыкты жок кылуу жана элге кызмат кылган, башкы максаты адам болгон заманбап мамлекет куруу», — деп айтылат партиянын сайтында.

Мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоого катышуу үчүн ар бир партия БШКга 5 млн сом шайлоо күрөөсүн бериши керек. Муну 20-августка чейин төлөө зарыл.

«Реформа» партиясынын мүчөлөрү 5 млн сом чогултууга жардам берүү өтүнүчү менен кайдыгер эмес жарандарга кайрылышкан. Партия 17-августта 2,3 млн сом чогултууга жетишкенин билдирген.