Баткендеги ооруканада китепкана ачылды

Сүрөт: Бакай Акылбеков

Баткендеги облустук кургак учук менен күрөшүү борборунда медиктер жана бейтаптар үчүн чакан китепкана ачылды.

Уштуруучулардын айтымында, китепкана «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун алкагында ачылган.

«Кыргызстанда алгачкы жолу ооруканада китепкана ачылды! Эң зарыл деген жаңы китептер коюлду. Эми ооруканадан бейтаптар дарыланып, жан дүйнөсүн байытып, ар тараптан өздөрүн өнүктүрүп чыгууга да мүмкүнчүлүк түзүлдү», — деп жазылат уюштуруучулардын билдирүүсүндө.

Сүрөт: Бакай Акылбеков

Алар китепканалар өлкөнүн башка аймактарында да ачылат деп ишендирди.

Баткенде 19-августка карата коронавирустун жалпы 2 128 учуру катталды. Ал эми өлкө боюнча илдетке чалдыккандардын саны 42 325ти түздү.