Болот Темиров: Матраимовдун «Ата Мекендеги» досу ким жана Мирлан Бакиров «Мекеним Кыргызстанды» кантип жетектеп калды?

Иликтөөчү журналист Болот Темиров шайлоого аттанып жаткан партиялар тууралуу видео жарыялап, анда эмне үчүн «Мекеним Кыргызстан» партиясын Мирлан Бакиров жетектеп калганын жана «Ата Мекенде» Матраимовдор кланынын тарапташы ким болушу мүмкүн экенин айтып берди.

«Жаңы саясатчылардын пайда болушу жөн жерден эмес» деген Темиров, Мирлан Бакиров саясатка кантип келгенине токтолду.

«Мекеним Кыргызстан» партиясын Айбек Осмонов негиздегени менен (Осмонов шайлоого «Ыйман нуру» партиясынын катарында баратат, бул партиянын мүчөлөрү «бажыны башкарган» адам тарабынын кысым болгонун айтып чыгышкан) аны учурда Бакиров жетектейт.

«[Мекеним Кыргызстан] партиясы тууралуу кыскача айтсам — анын артында Райымбек Матраимовдун акчасы турат. Бул анын бажыда иштеп турганда күтпөгөн жерден пайда болгон акчасы, бул анын кымбат журналисттерди жана адвокаттарды сатып алууга кетирген акчасы», — деди Темиров.

Мирлан Бакиров «Өнүгүү Прогресс» партиясынын мүчөсү болчу жана ал тууралуу аталган партиянын лидери Бакыт Төрөбаев (ал жетектеген партия келерки шайлоого катышуудан баш тарткан) жылуу сөз айтканы бар.

Төрөбаев Бакировдун атасы «баламды карап жүр» деп суранганын айткан, ал эми Төрөбаев «макул болуп, аны алып кетип, тарбиялаган». Темировдун айтымында, Төрөбаев Бакировду ун чыгарган бизнесине киргизип, кийин аны депутат кылган.

Темиров «Устатынан шакирти мыкты болгонун» айтып, эмне үчүн матраимовчул партияны белгилүү, тажрыйбасы көп Төрөбаев эмес, дал Бакиров башкарып калганына токтолгон.

Жооп катары видеодо ар кайсы сапарларда жана майрамдарда тартылган сүрөттөр көрсөтүлгөн жана аларда бир эле адамдар жүргөнүн байкаса болот. Бул жолугушууларды Темиров «шерине» деп атады.

Чогуу түшкөн сүрөттөрдө Мирлан Бакировду көрүүгө болот. Ошол эле сүрөттө ага-ини Матраимовдордун бири Исламбек Матраимовду көрүүгө болот.

«Төрагалыктын тагдыры партия мүчөлөрүнүн добуш берүүсү менен эмес, (...) эт үйүлгөн столдун үстүндө, шерине убагында чечилген», — дейт Темиров.

Бул жалгыз «шерине-талапкер» эмес, ошол эле сүрөттөрдө Бакиров менен Матраимовдун жанында «Ата Мекен» партиясынан талапкер болгон Ким Ин Сен түшүп калган. Ал оппозициялык «Ата Мекен» партиясынын тизмесинде 14-орунда турат.

«Ушул сүрөттөрдүн негизинде эле Матраимовдор бийликчил партияларды гана эмес, принципиалдуу оппозиционерлерди да башкарат деген тыянак чыгарса болот», — дейт Темиров.

Матраимовдор деген ким?

Матраимовдордун үй-бүлөсү — өлкөдөгү эң таасирдүү кландардын бири.

2019-жылдын май айында «Азаттык» радиосу Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткени тууралуу жана буга Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси болушу мүмкүндүгү жөнүндө иликтөө чыгарган. Кийинчерээк Матраимовдор каражаттардын чыгарылышына тиешеси бар деген маалыматты төгүндөп, ал эми финпол журналисттердин жүйөлөрүн текшерип чыгып, чет өлкөдөн Матраимовдордун мүлкү табылбаганын билдирген.

2019-жылдын күз айларында OCCRP, «Азаттык» радиосу жана «Клооп» «Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар» аттуу журналисттик иликтөө чыгарышкан. Анда журналисттер кытайлык ишкер Хабибула Абдукадырдын Матримовдор менен байланышы жөнүндө айтып беришкен.

Журналисттерге маалымат берген Айэркен Саймаити өлкөдөн 700 млн долларды мыйзамсыз чыгарып кеткенин мойнуна алып, коррупциялык иштер ошол маалда бажы башчысынын орун басары болуп иштеген Райым Матраимовдун жардамы менен уюштурулганын айткан. Иликтөө чыгаардан 11 күн мурда Саймаити Стамбулда киши колдуу болгон. Ал Абдукадыр кланы менен мамилеси бузулганына байланыштуу акыркы жылдары Стамбулда жашап келген.

ТЕМА БОЮНЧА: