Коронавирус дагы 179 кишиден аныкталды — жалпы 42 325 учур катталды

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Дмитрий Мотинов / Kloop.kg

Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 19-августтагы брифингде коронавирустун жаңы 179 учуру катталганын маалымдады.

Ооруга чалдыккандардын 59унда COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 120сында клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек — 39;

Ысык-Көл облусу – 39;

Жалал-Абад облусу – 26;

Ош облусу - 24;

Баткен облусу - 22;

Чүй облусу – 17;

Ош – 8;

Нарын облусу – 3;

Талас облусу – 1 кишиде коронавирус аныкталды.

Жалпысынан COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 42 325ке жетти. 18 184 кишиде COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 24 141 бейтап пневмонияга чалдыккан.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 17 253. Ал эми Чүй облусунда — 5 249, Ош облусунда — 3 931, Жалал-Абадда — 3 873, Ысык-Көлдө — 3 523, Ош шаарында — 3 356, Баткенде — 2 128, Нарын облусунда — 1 664 жана Талас облусунда — 1 348 учур катталды.

Ал эми Кыргызстанда коронавирус менен ооруган бейтаптардын 35 197си айыгып, 1 054 киши көз жумду.