Өкмөт башчы Кубатбек Боронов пандемия маалында той өткөрбөй турууга чакырды

Премьер-министр Кубатбек Боронов 19-августта өткөн брифингде жарандарды пандемия маалында той жана массалык иш-чараларды өткөрбөй турууга чакырды.

«Биз дары-дармектердин жетишсиздиги менен алышып жаткан маалда тойлорду өткөрүүнү токто турууну өтүнөм. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Бишкек, Ош мэриялары дайыма рейд жүргүзүп жатышат. ЖМКларда текшерүүлөр тууралуу маалымат чыгып жатат, ал текшерүүнүн жыйынтыгында көңүл ачуучу ишканалар айыппулга жыгылууда», — деди Боронов.

Мындан тышкары ал пандемия маалында съезд өткөрүп жаткан саясий партияларга да кайрылды. Өкмөт башчынын айтымында, партиялар дагы бардык санитардык талаптарды сактоого тийиш, ал эми съезд учурунда имараттын ичинде уруксат берилген сандагы адамдар гана болушу керек.

«Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан эл менен жолугушууларды өткөрүү үчүн белгилүү бир талаптар иштелип чыгууда. Баарынан биринчи залда адамдар уруксат берилген санда гана болуш керек», — деди Боронов.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун жайылып кетүү коркунучунан улам массалык иш-чараларды өткөрүүгө уруксат бербейт. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 12-июлда билдиргендей, ведомствого той өткөрүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен жеке ишкерлер кайрылып жатышат, бирок бул маселе эпидкырдаал жакшыргандан кийин гана каралат.

Коронавирустан улам Кыргызстан боюнча көптөгөн массалык иш-чаралар, анын ичинде майрамдарды белгилөө дагы токтотулууда.