Өлкөдө COVID-19 жуктургандардын 35 486сы айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 20-августта коронавирустан 289 бейтап айыкканын кабарлады. Айыккандардын арасында тогуз медицина кызматкери бар — алардын жетөө үй шартында дарыланышкан.

Илдеттен айыккандардын эң көбү Бишкекте катталды — 106. Ошондой эле, Ош облусунда — 40, Баткен облусунда — 36, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында 29дан, Ош шаарында — 20, Чүй облусунда — 19 жана Нарын облусунда он бейтап сакайып, ооруканалардан чыгарылды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан 35 486 бейтап айыкты — бул жалпы оорулуулардын 83 пайызын түзөт, алардын ичинде 2 372 медкызматкер бар.

Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 42 507ге жетти. Илдет 1 055 кишинин өмүрүн алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.