Шайлоо-2020: 23 партия талапкерлердин тизмесин бекитти

Парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын 23ү съезд өткөрүп, депутаттыкка талапкерлердин тизмесин бекитти. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы партияларга 19-августка чейин талапкерлердин тизмесин бекитип, съезд өткөрүү милдеттенмесин жүктөгөн.

Алгач шайлоого катышуу ниетин 44 партия билдирген. Алардын ичинен 10 партия парламенттик шайлоонун мындан аркы иштерине катышпай тургандыгын БШКга оозеки билдиришкен. Тогуз партия шайлоого катышпай турганын расмий түрдө кабарлашты. Дагы бир партиянын позициясы белгисиз бойдон.

Талапкерлердин тизмесин бекиткен партиялардын 11и БШКга съезд өткөрө тургандыктары боюнча расмий кабар айтышып, комиссиянын өкүлдөрү аларга катышкан.

Мындан ары партиялар 24-августка чейин Боршайкомго бекитилген тизмени өткөрүп, 5 млн сомдук «шайлоо күрөөсүн» которуусу керек.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ал эми 4-сентябрдан тарта үгүт иштери башталат.