Кыргызстанда коронавирустун дагы 186 учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт. «Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

Республикалык штаб 22-августка карата коронавирустун жаңы 186 учуру катталганын маалымдады. Алардын ичинде 13 медкызматкер бар.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек — 51;

Жалал-Абад облусу – 36;

Ысык-Көл облусу – 35;

Ош облусу - 25;

Баткен облусу - 16;

Чүй облусу – 12;

Талас облусу – 8;

Ош шаары – 3.

Жалпысынан COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 42 889га жетти.

Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 17 362. Ал эми Чүй облусунда — 5 300, Ош облусунда — 4 010, Жалал-Абадда — 4 002, Ысык-Көлдө — 3 595, Ош шаарында — 3 375, Баткенде — 2 199, Нарын облусунда — 1 673 жана Талас облусунда — 1 373 учур катталды.

Ал эми Кыргызстанда коронавирус менен ооруган бейтаптардын 36 056сы айыгып, 1 055 киши көз жумду.