Өлкөдө бир сутка ичинде дагы 225 бейтап айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 22-августта коронавирустан 225 бейтап айыкканын кабарлады. Алардын арасында бир медик бар.

Илдеттен арылгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 75. Ошондой эле, илдеттен Ош облусунда — 45 , Ысык-Көл облусунда — 32, Жалал-Абад облусунда — 25, Ош шаарында — 19, Нарын облусунда — 10, Баткен облусунда — 9 жана Талас облусунда — 3 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19дан жалпы 36 056 бейтап айыкты.

Ал эми коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 42 889га жетип, илдет 1 055 кишинин өмүрүн алды.