Аткезчилик үчүн 10 жылга соттолгон экс-депутат Асылбек уулу бир жылдан кийин түрмөдөн чыкты

Кыргызстандын айрым ЖМКлары бир күн мурда өз булактарына таянып билдиришкендей, аткезчилик үчүн соттолгон экс-депутат Дамирбек Асылбек уулу Жогорку соттун чечими менен түрмөдөн чыкты. Бул маалыматты «Азаттыкка» жана 24.kg басылмасына Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) ырастады, бирок Жогорку соттон кенен маалымат алуу мүмкүн болгон жок.

Дамирбек Асылбек уулу өткөн жылдын апрель айында Алматы сотунун чечими менен 10 жылга соттолгон. Ошондо Казакстан кыргыз саясатчысынын жаза өтөө мөөнөтү аяктаганда өлкөдөн чыгарарын билдирген. Бирок ал ноябрда эле Кыргызстандын №27 колониясына которулган. Ошондо Жогорку сот Алматы сотунун 10 жыл эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырган.

Кыргыз депутатынын кармалышы

2018-жылдын февраль айында «Кыргызстан» партиясынан депутат Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда кармалган. Андан тышкары кыргызстандык Уланбек Мурадилов жана Чыңгыз Абакиров да кармалган.

Алар аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча атайын операциянын жүрүшүндө кармалышкан. Мындан бир жума өткөндөн кийин Казакстандын ТИМи Асылбек уулунда казак жарандыгы бар экенин маалымдаган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, кармалгандар Кытайдан Казакстанга түздөн-түз аткез товарларын ташышкан, ошондой эле «көмүскө схемалардын» жардамы менен Кыргызстан аркылуу да ташып турушкан. Бул иш боюнча Казакстандын атайын кызматы жалпысынан 35 адамды кармаган.

Кылмыштуу топ бир жылдын ичинде чек ара аркылуу 407,5 млн теңгенин (млн доллардан ашуун акча) товарын өткөргөн жана ошондон улам казынага 99 млн теңгеден ашуун (250 миң доллардан ашык) бажы төлөмдөрү түшпөй калган.

Дамирбек Асылбек уулу дагы бир нече ай кыргыз парламентинин депутаты болуп турган, бирок 2018-жылдын апрелинде БШК Асылбек уулун депутаттык мандаттан ажыраткан. Анын ордуна Руслан Чойбеков депутат болгон.

Алматынын адистештирилген райондор аралык соту 2019-жылдын 24-апрелинде Асылбек уулуна карата 10 жыл эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Прокурор анын жаза мөөнөтүн 12 жыл деп белгилөөнү суранган. Экс-депутат «Транс улуттук кылмыштуу уюмун түзүү» жана «Экономикалык аткезчилик» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Ошол эле жылдын ноябрында кармалган кыргызстандыктар Кыргызстанга экстрадицияланган. Бул иш кайра каралып, бирок өкүм күчүндө калтырылган.

Дамирбек Асылбек уулу «Кыргызстан» партиясынан эле депутат болгон эмес. Ал 2009-жылы «Ак жол» партиясынан парламентке өтүп, биринчи жолу 25 жашында депутат болгон. Асылбек уулу грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери жана Азия күрөш федерациясынын вице-президенти болгон.