Бишкектеги Чолпон-Ата көчөсүндө болгон кырсык. Сүрөт: социалдык тармак

Бишкекте Чолпон-Ата көчөсүндө саат 15:20лар чамасында Subaru Legacy үлгүсүндөгү жеңил автоунаа менен Mercedes үлгүсүндөгү жүк ташыган кичи автобус кагышты. Анын кесепетинен үч киши каза болду. Бул тууралуу Чукул меджардам көрсөтүү борборунун реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун бири 7 жаштагы кыз. Кырсыктын видеосу Сейчас.kg телеграм каналында жарыяланды.

Борисов маалымдагандай, ошондой эле эки бала балдардын шаардык ооруканасына алып келинген. Алардын абалы орточо оор деп бааланууда.

Күбөлөрдүн айтымында, Subaru Legacy үлгүсүндөгү машина жолдун ортосундагы тосмодон өтүп каршы тилкеге чыгып кеткен.

Кырсык болгон жерде беш тез жардам бригадасы иштеген. Учурда Жол кайгуул кызматы кырсыктын чоо-жайын иликтеп жатат.