Акыркы суткада COVID-19дан 310 киши айыгып, үйүнө чыгарылды

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев 25-августта COVID-19дан дагы 310 бейтап айыкканын кабарлады. Айыккандардын арасында эки медкызматкер бар.

Жаңыдан айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 112. Ошондой эле Жалал-Абад облусунан — 54, Ош облусунан — 43, Баткен облусунан — 27, Нарын облусунан — 19, Ош шаарынан, Ысык-Көл жана Чүй облустарынан 16дан жана Талас облусунан жети бейтап айыкты.

Өлкө боюнча коронавирустан арылгандардын саны 36 925ке жетти, ал эми илдет жалпысынан 43245 адамда аныкталды. Айыккандардын арасында 2 387 медкызматкер бар.

Бүгүнкү күндө 5 584 адам коронавирус менен ооруп жатат. Коронавируска чалдыккан жалпы 1 057 киши каза болду.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.