БШКнын жумушчу тобу 25-августта «Кыргызстан» партиясына шайлоого катышуу тууралуу тапшырган документтерин кайтарып берүүнү сунуштады. Буга байланыштуу Боршайкомдун мүчөлөрү чогулуп жыйын өткөрүп жатышат.

Жумушчу топтун ырасташынча, тийиштүү документтерди «Кыргызстан» партиясынын өкүлү Эльвира Абильдиева өзү алып келип бериши керек болчу. Бирок анын ордуна документтерди партиянын башка өкүлү алып келген.

Ал эми Абильдиева ошол күнү ооруп калгандыктан документтерди башка киши алып келгенин тастыктады. Андан сырткары ал өзү келип кол коюшу шарт экени мыйзамда белгиленген эмес деп кошумчалады.

Бирок БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Абильдиевага кайрылып, мыйзам боюнча андан башка бирөө документтерди тапшырууга укугу жок экенин эскертти.

«Шайлоо дайындалгандан кийин 5 күндүн ичинде ар бир партия БШКга расмий билдирүү берет. Анда ыйгарым укуктуу өкүлдүн аты-жөнүн жана башка маалыматтарын берет. Ошол гана өкүл бардык шайлоого байланыштуу кол койгонго укуктуу болот. Бул жогорку статустагы өкүл. Сиз мыйзамда жок деп айтууга укуктуу эмессиз. Юрист катары билишиңиз керек болчу», — деп түшүндүрдү ал.

Шайлдабекова каттоо журналы толтурулуп жатканда БШКнын кызматкери «Кыргызстандан» башка өкүл келгендиктен ага кол коюга уруксат берилген эмес деп белгиледи.

Ал эми БШКнын мүчөсү Кайрат Осмонолиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, «Кыргызстан» партиясы документтерди убагында тапшыруу боюнча өз мүмкүнчүлүгүн колдоно албай калганын айтты.

«Мыйзамда так жазылып турат, шайлоого 40 күн калганда документер тапшырылыш керек. Календардык мөөнөткө ылайык, ал убакыт 24-август, саат 18:00гө чейин болчу. Де-юре, де-факто документтер берилди. Де-юре башка киши тарабынан берилип калды, бул тастыкталды. Ыйгарым укуктуу өкүл өзү да айтып берди», — деди Осмоналиев.

Жумушчу топтун чечими рекомендациялык мүнөзгө ээ, расмий чечим БШКнын мүчөлөрүнүн жыйынтыгы менен белгилүү болот.

24-августта кечинде, «Реформа», «Бир бол» жана «Ата Мекен» партиясынан шайлоого аттанган айрым талапкерлер жана жарандык активисттер БШК «Кыргызстан» партиясынын документтерин саат 18:00дөн кийин кабыл алды деген жүйөө менен мекеменин имаратынын алдына чогулушкан. Алар мыйзам бузган кайсы гана партия болбосун аны шайлоодон чететтүүнү талап кылган. Боршайком «Кыргызстан» партиясынын айланасындагы чырды 24 сааттын ичинде атайын комиссия карап чыгат деп сөз берген.

«Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев чыккан чуу боюнча чукул жыйын куруп, аларга коюлган айыптоолорду четке какты. Ал партиянын өкүлү БШКга саат 18:00гө чейин барганын жоопкерчилик менен айта аларын билдирди. Исаев андан сырткары аларга айрым партиялар атайылап бут тосуп жатканын да кошумчалады.

Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. 24-августта Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышууну пландаштырган партиялардын акыркы документтерин кабыл алды жана аларды карап чыгып, 4-сентябрга чейин каттайт.

Ошол күнү эле учурда, 3-октябрда аяктай турган шайлоо алдындагы үгүт иштери башталат. Башында 44 саясий партия шайлоого катышууну каалаган. Бирок 24-августка чейин алардын саны 17ге чейин кыскарган. БШК каттоого алган партиялардын арасында «Кыргызстан» да бар.