«Кыргызстан» партиясынын лидери Канат Исаев алардын өкүлү Боршайкомго керектүү документтерди 24-августта саат 18:00гө чейин тапшырганын 25-августтагы маалымат жыйында билдирди.

«Партия документтерди убагында, башкача айтканда саат 18:00гө чейин бергенин жоопкерчилик менен айта алам», — деди ал.

24-августта кечинде, «Реформа», «Бир бол» жана «Ата Мекен» партиясынан шайлоого аттанган айрым талапкерлер жана жарандык активисттер БШК «Кыргызстан» партиясынын документтерин саат 18:00дөн кийин кабыл алды деген жүйөө менен мекеменин имаратынын алдына чогулушкан. Алар мыйзам бузган кайсы гана партия болбосун аны шайлоодон чететтүүнү талап кылган. Боршайком «Кыргызстан» партиясынын айланасындагы чырды 24 сааттын ичинде атайын комиссия карап чыгат деп сөз берди.

Исаев ошондой эле, алар дагы кечээ кечинде БШКга барып, маселени талкууласа болмоктугун, бирок, аларды «басым жасап жатат» деп айыптабашы үчүн андан баш тартышканын кошумчалады. Тескерисинче, ал айрым саясий партиялардын өкүлдөрү Боршайкомго басым жасап жатат деген ойдо.

«Айрым партиялардын өкүлдөрү тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымына басым кылуу аракети болду. Бардыгы маданияттуу, мыйзам чегинде гана болсун деген ойдобуз», — деди ал.

Ошол эле учурда айрым партиялар шайлоодо мыйзамдуу түрдө добуш алгандын ордуна аларды мыйзамсыз түрдө шайлоодон четтетип коюуга аракет кылып жатканына токтолду. Исаевдин ырасташынча, алардын партиясы шайлоодогу «фоворит» партиялардын бири.

Партия лидери БШКнын каттоо журналындагы алардын өкүлүнүн келген убактысын «Кыргызстан» өзү оңдогон деген маалыматты четке какты.

«Каттоо журналындагы убакытты биз өзгөртө албайбыз, аны кимдир бирөө оңдосо керек да. Видео камерада биздин өкүл саат 18:00гө чейин келгени көрүнүп турат. Белгисиз деп жаткан киши биздин партиянын катчылыгынын башчысы», — деди ал.

Бирок 24-августта өткөн чогулушта Боршайкомдун кызматкери документтерди алып келген «Кыргызстан» партиясынын өкүлү журналды алып убактысы жазылган жерди оңдогонун айтып берген. Кызматкердин версиясы боюнча, партиянын өкүлү БШКга 18:00го чейин келген.

Тизмени тактоо талашы

Исаев партиянын талапкерлеринин тизмеси БШКга берер алдында гендердик жана азчылык улуттардын өкүлдөрүнүн болушу тууралуу квотага ылайык бир аз өзгөргөнүн айтты.

«Биздин талапкерлердин өзүлөрү тизмени толук көрө элек. Андыктан тизмедеги кезек боюнча маселе бар. Тизмени БШКга берер алдындык гендердик, азчылык улуттар боюнча талаптарга ылайык, айрым талапкерлердин тизмедеги орундарында өзгөрүү болду. Андыктан биздин талапкерлердин өздөрү билбейт», — деди партия лидери.

Ал ошондой эле, БШКга берилген тизмени журналисттерге көрсөтө албай турганын кошумчалады. Исаев ар бир партия үчүн тизмени тактоо оорчулук жаратарын белгиледи, себеби, алдыңкы 10дукка, 20га киребиз дегендер көп болорун белгиледи.

Партиянын кийинки кадамдары кандай болот?

Канат Исаев алардын мындан кийинки аракеттери БШКнын чыгарган чечимине ылайык болорун журналисттерге билдирди.

«Кийинки кадамдарыбыз БШКнын партия документтерин убагында берди, же берген жок деген чечимине жараша болот. Эгер бизге кандайдыр бир ыңгайсыз чечим чыгара турган болсо, сөзсүз түрдө юридикалык жол менен тууралаганга аракет кылабыз», — деди ал.

Исаев журналисттердин эмне үчүн «Кыргызстан» партиясы документтерин БШКга белгиленген мөөнөткө чейин эле барып тапшырган жок, балким бул аракеттер шайлоо алдында элдин көңүлүн буруу аракети болуп жүрбөсүн деген суроого «балким» деп кыска жооп берди.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.