«Уулуң кызымды зордуктады». Жалал-Абадда зордукталган аялдын иши сотто кайра каралат

Иллюстративдик сүрөт

Жалал-Абад облустук соту Кара-Көл шаарында зордукталган аялдын кыскартылган ишин 10-сентябрда кайрадан карайт. Бул тууралуу «Клоопко» облустук соттун басма сөз катчысы Мирлан Төрөмаматов билдирди.

Эмне болду?

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Кара-Көл шаарында 57 жаштагы аялды ошол эле шаардын тургуну үйүнүн терезесин бузуп кирип зордуктап, изин жашырып кеткен. Ал жабырлануучуга өз жоругун «Сенин уулуң менин кызымды зордуктаптыр, мен сенден өч алам» деп түшүндүргөн.

Аял милицияга кайрылып, кишинин үстүнөн «Зордуктоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп, иш Кара-Көл шаардык сотуна кароого жиберилген. Шаардык сот кылмышкердин жабырлануучуга айткан сөздөрүн «шылтоо» деп белгилеген.

Бирок соттук териштирүүдө жабырлануучу аял тосмо арыз берип, киши менен «жарашып алгандыгын» билдирген. Буга байланыштуу сот 12-майда айыпталуучуну жоопкерчиликтен бошотуп, иш өндүрүштөн кыскарган.

«Жеңил өкүм»

Көп өтпөй жабырлануучу юристтер менен кеңешип, укугу бузулганын, зордукчуга карата «жеңил өкүм» чыгып калганын түшүнгөнүн айткан. Бирок ал өкүмдү 28-майда почта аркылуу колуна алгандыгына байланыштуу сотко аппеляциялык даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүү үчүн арыз берген.

Сот даттануу мөөнөтүн жүйөөлүү себептер менен кечиктирилген деп таап, аялга даттаннуу мөөнөтүн калыбына келтирип берген. Зордукталган аялдын иши боюнча соттук отурум Жалал-Абад облустук сотунда 10-сентябрда каралат.

Жалал-Абад ОИИБинен айыпталуучунун кызынын зордукталып-зордукталбаганы боюнча маалыматты кийинчерээк тактап берүүнү убадалашты.