Ош филармониясынын жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасованын уулу каза болду

Гүлшайыр Садыбакасова жана Эркин Садыбакасов

Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын жетекчиси, Кыргыз эл артисти, «Кыз-Бурак» тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасованын уулу Эркин Садыбакасов 26-августта каза болду. Ал 18 жашта эле.

Садыбакасованын кесиптештери ага фейсбукта көңүл айтышууда.

«Гулшайыр Садыбакасова эжебиздин уулу Эркин мезгилсиз дүйнөдөн кайтыптыр… жайы жаннатта болсун!» — деп жазды журналист Расул Рахманалиев.

Маркумдун бир тууган эжеси иниси түндө жүрөгү ооруп жаткандыктан тез жардам чакырганын, андан көп өтпөй ооруканада көз жумганын айтты.


Ырчынын уулу 2019-жылы Ош шаарындагы Ага-Хан мектебин аяктаган. Ал музыкалык аспаптарда ойноп, ырдачу. Анын артында апасы жана эжеси, ырчы Сайкал Садыбакасова калды.