Белгилүү диктор Зарыл Мамбеталиева көз жумду

Сүрөт Мамбеталиеванын архивинен.

Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү диктор Зарыл Мамбеталиева 25-августта оорудан улам каза болду. Ал 82 жаш курагында эле.

Маданият министрлиги маркум тууралуу некролог таратты.

«Иштерман адис, мыкты устат, жарандык позициясы бекем, билими терең, адамдык парасаты бийик, көп кырдуу инсан болчу. Кыргыз маданиятын, журналистикасын жана көркөм руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү инсандардын бири Зарыл Мамбеталиеванын элеси биздин эсибизде түбөлүккө сакталат», — деп жазылат билдирүүдө.

Мамбеталиева Нарын облусунда төрөлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда ата-энесинен ажырап, туугандарынын колунда — Ош облусунун Кара-Суу районунда — өскөн.

Мектепти аяктап Жалал-Абад облусундагы Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайына тапшырган. Башталгыч класстын мугалими кесибине ээ болуп, эмгек жолун Ош облусунун Араван районундагы башталгыч мектептен баштаган.

Тубаса талант, алтын үн

Ал 23 жашында сынакка катышып, Кыргыз радиосуна диктор болуп жумушка алынган. Ошол мезгилден тартып 59 жашына чейин Мамлекеттик телерадио комитетинде жогорку категориядагы диктор болуп иштеп, эфир толкунунда үнү өчкөн эмес.

Ошондой эле ал, Кыргыз радиосунда көркөм окууга негиз салуучулардын бири болгон. Анын окуусундагы Айтматовдун «Жамийласы», «Биринчи мугалими», Омор Султановдун «Чарчоонун жүзүнчү ыры» сыяктуу бир катар чыгармалар сакталып, ушул күнгө чейин радионун казынасындагы классикалык чыгарма катары эфирге үзгүлтүксүз берилип келет.

Залкар Мамбеталиева үзүрлүү эмгеги үчүң 43 жашында «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамына татып, 59 жашында ардактуу эс алууга чыккан.