«Кут Билим» гезитинин бөлүм редактору Айнура Каниметова каза болду

Айнура Каниметова

«Кут Билим» гезитинин бөлүм редактору, билим берүүнүн отличниги, журналист Айнура Каниметова 25-августта каза болду. Ал 50 жашта эле.

Маркумдун кесиптештери аны оор оорудан улам каза болгонун айтышып, журналист Марат Токоев аны мыкты адам катары эскерди.

«Эч кимге жамандык каалабаган, өз ишин так аткарган, ыпластыктан алыс жакшы адам, жакшы журналист болчу... Болчу деп айтуу кандай оор. Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун», — деп жазды ал.

Каниметова Бишкек гуманитардык университетинин орус филология факультетин аяктап, эмгек жолун «Кут Билимде» гезиттин корректору болуп баштаган.

Андан соң ал кабарчы, бөлүм редактору кызматына көтөрүлүп, билим берүү жана маданият министрликтеринин басма сөз катчысы да болгон. «Кабар» агенттигинде да иштеген.

Маркум дээрлик бүт өмүрүн «Кут Билим» гезитине жана журналистикага арнады.