Кыргызстанда COVID-19га каршы күрөшкөн медкызматкерлер сыйланат

Президент Сооронбай Жээнбеков 27-августта «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Сыйлыктар медкызматкерлерге «коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көрсөткөн кайратман жана ак ниет эмгеги, туруктуулугу жана чыдамкайлыгы, жарандык милдетине берилгендиги, адам өмүрүн сактоо ишиндеги кесипкөйлүгү үчүн» берилет.

Жалпысынан «Даңк» медалы менен тогуз медицина кызматкери сыйланат. Мындан тышкары 21 дарыгерге «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы» наамы ыйгарылып, 60 медкызматкерге ардак грамоталары берилет.

Сыйлык ала турган медицина кызматкерлеринин толук тизмесин бул жерден көрө аласыз.

Бийлик «кызыл аймактарда» жана оору күч алган очоктордо иштеп, бейтаптарды COVID-19дан дарылаган медкызматкерлерге компенсация төлөп берет. Мындан тышкары, өкмөт жумуш учурунда коронавирус жуктуруп алган медкызматкерлерге 200 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүүнү убадалаган. COVID-19га чалдыгып каза тапкан медицина кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү мамлекеттен 1 млн сом алууга укуктуу. Бирок, компенсация төлөп берүүдөн мурда, министрликке караштуу атайын комиссия ар бир учурду кылдат текшерип чыкмакчы.

27-августка карата, COVID-19га кабылган медиктердин саны 3 116га жетти. Алардын ичинен 2 409 медицина кызматкери айыгып чыккан. 70тен ашуун медик инфекцияга чалдыгып каза болгон.