Ош: «Биримдиктин» штабы жайгашкан имараттын ижара акысына 309 миң сом төлөнө элек

«Биримдик» партиясынын Оштогу штабы. Сүрөт: «Кактус» басылмасы

Ош шаарындагы Алиев көчөсү 153 дарегинде жайгашкан муниципалдык имаратты ижарага алган «Пик Ленина 7134» туристтик компаниясы дээрлик жарым жылдан бери акысын төлөбөй жатат. Аталган имаратта «Биримдик» партиясынын штабы жайгашкан. Бул тууралуу «Кактус» басылмасына муниципалдык менчик башкармалыгынан билдиришти.

Компаниянын директору Бакай Мизамов мэрия менен 13-мартта беш жылдык келишим түзгөн. Келишим боюнча туристтик фирма ай сайын 77 431 сомдон төлөп турушу керек болгон.

Бирок Мизамов февраль айында имараттын ижарасына болгону 50 миң сом берип, калган 309 724 сомду бүгүнкү күнгө чейин төлөй элек. Муниципалдык менчик башкармалыгы ижарачыга карызды төлөө талабы менен бир нече кат жолдогон, бирок жыйынтык болгон эмес. Башкармалык ишти сотко өткөрүүнү пландап жатат.

Ал эми «Биримдиктин» басма сөз катчысы Адилет Султаналиев «Клоопко» билдиргендей, партия аталган имаратты «Пик Ленина 7134» компаниясынан субарендага алган. Бирок фирма мэрияга карыздар болгондугу тууралуу кабары жоктугун жана бул маселеге кийлигише албасын айтты.

«Учурда штабдын [“Пик Ленина 7134”] компаниясынын алдында эч кандай карызы жок, бардык төлөмдөр өз убагында аткарылып жатат», — деди Султаналиев.

Ал эми аталган компаниянын директору менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин аталган имаратта Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жайгашкан. Алар дээрлик бир жыл мурун «имараттын тардыгына жана шарттын жоктугуна байланыштуу» Ош облусттук санэпимдин кеңсесине көчүп кетишкен.

Коомчулукта «Биримдик» «бийликчил партия» деп айтылып келет. Журналисттер аталган партиянын Оштогу штабында буга чейин бир нече муниципалдык кызматтардын жетекчилери жана жогорку окуу жайлардын ректорлору чогулганына күбө болушкан.