Жапаров менен Иманалиев «Мекеним Кыргызстандын» тизмесине кирбей калды

Акылбек Жапаров жана Каныбек Иманалиев

Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттары Акылбек Жапаров менен Каныбек Иманалиев парламенттик шайлоого «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен барбайт.

Буга чейин Жапаров менен Иманалиев аталган партиянын тизмесине кирери маалымдалган. 13-августта «Мекеним Кыргызстандын» фейсбуктагы барагында партиянын жыйынынан тартылган сүрөттөр жарыяланып, ага аталган депутаттар дагы катышканын көрүүгө болот.

Кийинчерээк депутат Иманалиев «Азаттыкка» курган маегинде деги эле парламенттик шайлоого катышпарын билдирген. Ал эми депутат Акылбек Жапаровдун шайлоого кайсы партия менен барары азырынча белгисиз.

Мурдараак, «Мекеним Кыргызстандын» төрагасы Мирлан Бакиров алардын партиясына КСДПнын парламенттик фракциясынын лидери Иса Өмүркулов кошулганын кабарлаган.

Акылбек Жапаров «Бир Бол» саясий партиясы менен Жогорку Кеңешке 2015-жылы келген, ал эми Иманалиев Жогорку Кеңеште «Ата Мекен» партиясынан депутат болгон.

Парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган. Боршайкомдун маалыматы боюнча, учурда 15 партиянын шайлоого катышууга укугу бар. Азыркы учурга чейин бир дагы саясий партия талапкерлердин тизмесин коомчулукка ачыктаган эмес. Алар негизинен алдыңкы 10дук, 20лыкты атоо менен гана чектелишкен, ошондуктан тигил же бул саясатчы кайсы партия менен шайлоого бараары азырынча так белгилүү эмес.