«Жылаңачтап сабаган». Жалал-Абадда аялын кордогон киши камакка алынды

Жабырлануучу ооруканада. Сүрөт: Жалал-Абад ОИИБи

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда аялын аёосуз сабаган киши 27-августта аталган РИИБдин убактылуу кармоочу жайына эки суткага камалды. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.

«Буга чейин 26-август күнү Аксы аймактык ооруканасынан РИИБге аялдын күйөөсү тарабынан сабалып, ооруканага жаткырылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам тергөө топ ооруканага жана алардын үйүнө барып керектүү материалдарды топтошкон», — деди ал.

Жабырлануучунун эжеси Дамира Ызаеванын айтымында, күйөө баласы сиңдисин «бир жакка барып келдиң» деп айыптап, үйдөн башка үй-бүлө мүчөлөрүн кууп чыккан. Андан соң аялды жылаңачтап, таң атканча электр зымы менен сабаган.

«Кичинекей эмчектеги баласы бар, аны уктатып кошунасыныкына качып чыккан. Бул биринчи жолкусу эмес, сиңдимдин азыркы тапта абалы орто. Ал сүйлөй албай жатат, ооздору шишиген, бет алды шишик, жамбаштары жарабайт, бүт көк ала. Күйөө бала кылдан кыйкым тапкыч, себепсиз сиңдимди сабай берет», — деген ал.

Топтолгон материалдардын негизинде аялын сабаган кишиге карата «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча иш ачылып, аялдын ден соолугуна келтирилген залалды аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Бирок аялдын денесин сырттан жүргүзүлгөн кароонун негизинде берене «Үй-бүлөлүк зомбулуктан» «Уруп сабоого» өткөн.

Анын айтымында, киши учурда сурак берип жатат, ал эми анын баш коргоо чарасын сот аныктайт.

Үй-бүлөлүк зомбулук

Жыл башында үй-бүлөлүк зомбулуктан улам ажал тапкан аялдардын окуясы коомчулуктун үрөйүн учурган. Январь ичинде эле ИИМ аялдарды өлгүчө сабап, аларга атайлап өрт коюу болгон бир нече факт тууралуу кабарлаган.

Арадан үч ай өткөн соң, ИИМ 2020-жылдын биринчи кварталында үй-бүлөлүк зомбулуктун саны өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 65% көбөйгөнүн билдирген. Үй-бүлөлү зомбулуктан жабыр тарткан жети аял өлтүрүлгөн.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2019-жылы Кыргызстан боюнча 6145 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктан эң көп аялдар жабыркаган — 5 659. Эркектердин саны дээрлик 11 эсе аз — 486.