Дастан Бекешев эмне үчүн паспорттогу маалыматтарды партияларга берүү кооптуу экенин айтып берди

Алтынчы чакырылыштын депутаты Дастан Бекешев видео жарыялап, анда партиялар шайлоочулардын паспорттук маалыматтарын кантип колдоно аларын айтып берди.

«Партиялар өз шайлоочуларына кайрылып, алар паспорттук маалыматтарды же паспорттун көчүрмөсүн берүүнү өтүнөт. Алар жарандарга: “Сен шайлоого келесиң, биз сага акча беребиз, шайлоодон кийин дагы акча беребиз” деп айтышат. Алар муну тарапташтары, шайлоочулары бар экенин көрсөтүү үчүн кылышат, анткени алар партиялык “боссторго” отчёт беришет», — деп түшүндүрүп берди Бекешев.

Анын айтымында, партияда кимдир бирөө партиянын акчасын шайлоочуга жаздырып коюп, «партиянын каражаттарын алып алышы» мүмкүн.

«Сиз “Иванов” аттуу жарансыз дейли, сиз маалыматтарыңызды берип койдуңуз, партиядагы бирөө сизди алардан акча же товар алды деп жазып койгонун билбейсиз», — деди ал.

Мындан тышкары, паспорттук маалыматтар бир катар компанияларды ачып, бир топ бүтүмдөрдү түзүү үчүн колдонулушу мүмкүн экенин айтып берди депутат.

«Мындан тышкары, сиздин маалыматтарыңызды күрөөсүз микрокредит алуу үчүн колдонсо болот, анан сиз бул кредитти алган эмесмин деп сотто далилдеп жүрөсүз», — деди депутат.

Бекешев паспорттук маалыматтарды кыянат пайдалануунун дагы бир ыкмасы тууралуу айтып берди — бул сим-карталарды сатып алып, ал аркылуу экстремисттик же фейк маалыматтарды таратуу.

«Анан УКМКга жүгүрүп, кечирим сурап, бул сиз эмес экениңерди далилдеп жүрөсүңөр», — деп кошумчалады ал.

Соцтармактарда кыргызстандыктар муниципалдык аймактык башкармалыктын өкүлдөрү, үйбашы жана квартал башчылары паспорттук маалыматтарды талап кылып, алар белгилүү бир партияга добуш беришин айтып жатышканына даттанышууда.

Журналист Зулайка Эркимбаева фейсбук барагында квартал башчысы белгилүү бир партияга добуш берүүнү «талап кылып» жатканы тууралуу айтып берди. Болбосо алар бала үчүн жашаган жеринен маалымкат ала албай калышат.

Мындан тышкары, айрым шайлоочулар добуш үчүн 1000 сомдон 3000 сомго чейин акча сунуштап жатышканын айтып беришти. Схема Бекешев айтып бергендей — паспорттук маалыматтарды бериш керек, андан кийин участокко келип, белгилүү бир партия үчүн добуш берүү керек.

Эгер шайлоочулар далилдер менен гана Боршайкомго жана милицияга кайрылышканда, алар кандайдыр бир чараларды көрө алышат.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. БШКнын маалыматы боюнча, шайлоо алдындагы ат салышууга 16 саясий партия катышат.