Өлкө боюнча күндүзгү жана түнкү стационарлар убактылуу жабылды

Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева 28-августта өткөн брифингде маалымдагандай, Бишкектеги бардык күндүзгү жана түнкү стационарлар COVID-19дун экинчи толкунуна чейин убактылуу ишин токтотту. Анын айтымында, бардык жабдуулар жана эмеректер дезинфекцияланды.

«Болот деген экинчи толкунга даярдык көрүү максатында жана коронавирус, пневмония оорулары көбөйүп кетсе, Бишкекте стационарлар, ошондой эле үй-бүлөлүк медицина борборлорунун базасындагы [стационарлар] кайрадан ачылат», — деди Мозгачева.

Саламаттык сактоо министрлигинин Дарылоо башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Нургүл Ибраева ведомствонун буйругу боюнча, кошумча уюштурулган стационарлар Бишкекте гана эмес, бүткүл республика боюнча убактылуу жабылыш керектигин «Клоопко» билдирди.

«Августтун башынан бери пневмония жана COVID-19 кырдаалы турукташканына байланыштуу, кошумча уюштурулган бардык стационарлар этабы менен жабылууда. Бейтаптар дарыланып жаткан стационарлар гана ачык бойдон калууда. Кадимки стационарлар өз ишин мурдагы тартипте улантууда», — деди Ибраева.

Июль айында COVID-19га кабылгандардын саны кескин өсүп, ооруканаларда орун жетишпей калгандыктан өкмөт ОРВИ менен пневмониянын жеңил жана оор формаларын дарылоо үчүн күндүзгү жана түнкү стационарларды ачкан. Аларды ачуунун негизги максаты — бул клиникаларга келген оорчулукту басаңдатуу болчу. Ошондой эле, оорусу башталып келе жаткан бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү болгон.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штаб Бишкекте күндүзгү стационарлардын ачылышы тууралуу биринчи жолу 4-июлда кабарлаган.

Өлкө боюнча жалпысынан 848 күндүзгү жана түнкү стационар ачылган. Алардын ичинен 13 күндүзгү жана 3 түнкү стационар Бишкекте ачылып, 1173 орунга ылайыкталган.

28-августка карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 43 587ге жетти. Алардын ичинен 37 726 адам оорудан айыгып, 1058 бейтап каза тапкан. Акыркы эки күндөн бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккан бейтаптардын каза болгон учуру катталган жок.