Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) башчысы Кайрат Маматов 24.kg басылмасына курган маегинде, АШК менен милиция айылдыктардын Бишкекте жапырт катталып жатышын текшерерин билдирди. Буга чейин бир катар ЖМКлар борбор калаадагы айрым шайлоо участкаларына каттоо үчүн адамдарды тобу менен алып келип жатышканын маалымдашкан.
24.kg басылмасы жарыялаган видеодо шайлоо участогуна алынып келгендердин бирөө боло турчу шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясына добуш бериши үчүн 4 миң сом убадалашканын айтты. Ал бул үчүн белгиленген шайлоо участогуна катталышы керек болгон.
«Мага шайлоо дареги өзгөртүлгөнү тууралуу №2 форма менен арыз берүү керектигин айтышты. Андан кийин толтурулган бланкты берип, микроавтобус менен мектепке алып келишти», — деди ал.
Анын айтымында, №3 мектептеги шайлоо участогуна күн сайын ондогон шайлоочуларды алып келип, алардын арызы боюнча каттап жатышат.
«Мекеним Кыргызстан» партиясы басылмага берген билдирүүсүндө алар добуш сатып алышпаганын, анткени таза шайлоону колдой тургандыктарын белгилеген. Алардын айтымында, мунун баарын партиянын беделин түшүрүүгө аракет кылып жаткан атаандаштары кылып жатышат.
«Азыр белгисиз адамдар партиябызды атап, кандайдыр бир бузууларды кыйытып айткан ушул сыяктуу видеолор көп чыга баштайт. Биз башка аргументтери жок болгондо, күрөшүүнүн ушундай жаман ыкмаларына өтүп кетишерин түшүнүп, буга токтоолук менен мамиле кылабыз», — деп комментарий беришти штабдан.
№47 жана №77 мектебиндеги шайлоо участокторунда дагы ушундай массалык каттоо болууда. Бул тууралуу Kaktus Media басылмасы кабарлады. Журналисттердин айтымында, бул жерде бир нече күн катары менен микроавтобустар аркылуу адамдарды тобу менен алып келип жатышат.
Кайрат Маматов мыйзамда транспорт менен жеткирүүгө тыюу салынбаганын түшүндүрдү. Ал шайлоочунун биометрикалык маалыматтары жана тиешелүү арызы жок катталышы мыйзам бузуу болорун билдирди.
«Эгер кайсы бир партия же үгүттөөчүлөр участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн материалдык жактан кызыктырганы аныкталса, анда буга беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Бирок УШК орунжайда болгон окуяларга гана жооптуу. Орунжайдан тышкары окуяларга жооптуу эмес», — деп жооп берди ал.
Бишкектин Октябрь РИИБинен 24.kg басылмасына окуяны текшерип жатышканын кабарлашты, бирок көрүлө турчу чаралар боюнча эч нерсе айтышкан жок.
№ 2 формасы
№2 формасынын жардамы менен жаран өзүнүн шайлоо участогун ага ылайыктуусуна алмаштыра алат. Ал үчүн шайлоочу участкалык шайлоо комиссиясына өзү келип арыз бериши керек.
Бирок жарандык активисттер билдиришкендей, №2 форма аркылуу каттоо жана добуш берүү менен негизинен добуш сатып алуу ишке ашырылат.
Мындан тышкары, партиялар 0,7 пайыз айымактык чектен ашуу үчүн шайлоочуларды башка жерге каттатышат. Кээде партияларга белгилүү бир аймактарда колдоо жетишпей калат, ошондуктан партиялар аларды колдогон аймактардан шайлоочуларды ал жакта катташат.
Массалык каттоого байланыштуу кырдаал 2020-жылдын жаз айына белгиленген жергиликтүү кеңешке болчу шайлоо алдында да байкалган. Тилекке каршы шайлоо коронавирус пандемиясына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылган.
Ошондо Кыргызстандын бир нече шаарларында ага жакын жайгашкан айыл тургундарын жапырт каттай башташкан.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов «Азаттыкка» курган маегинде, №2 формасын колдонуу чынында жөн гана шайлоочуга добуш берүү мүмкүнчүлүгүн жеңилдетет деп билдирген.
«Мурда шайлоочунун паспортунун көчүрмөсүн башка бирөө эле алып келип №2 формасын толтурганга уруксат берилчү. Азыр ар бир жаран өзү кайрылышы керек. Анын колунун издери алынып, жүзүнүн параметри идентификациядан өткөндөн кийин гана шайлоочунун дареги алмашылат. БШКнын системасына №2 формасын кимдер, качан толтуруп жатканы боюнча маалымат келип турат», — деп билдирди ал.
Кыргызстанда №2 формасы алгачкы жолу 2011-жылы президенттик шайлоодо кабыл алынган. Демилгенин авторлору мындай чечимди ички миграциянын өсүшү менен түшүндүрүшкөн.
Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында дайындалган. Партиялар съезддерин өткөрүп, каттоодон өтүштү. Үгүт иштери 4-сентябрдан 3-октябрга чейин уланат.