Карантинде милиционерлер менен уруша кеткен кыз 3 жылга соттолуп, бирок мунапыс менен бошотулду

Сүрөт: Акипресс

Быйыл март айында Бишкекте өзгөчө абал режими киргизилген маалда 22 жаштагы кыз анын документин жана маршруттук баракчасын текшергиси келген милиционерлер менен урушуп кеткен. Кыз үйүнөн алыс эмес жерде жүргөндүктөн, документтерди жана маршруттук баракчаны жанына алган эмес.

Ал милиционерлер менен урушуп, кыргызстандыктар жана Кыргызстанда болуп жаткан окуялар тууралуу жаман сүйлөгөнү үчүн ээнбаштыкка айыпталып, УКМКнын тергөө абагына 15 суткага киргизилген. Кийинчерээк бул иштин квалификациясы «бийлик өкүлүн опузалоого» алмаштырылган.

«Акипресс» басылмасы соттук иштердин жана актылардын маалымат базасына таянып, Октябрь райондук соту аны күнөөлүү деп таап, үч жылга эркинен ажыратканын билдирген. Бирок ага карата мунапыс колдонулуп, ал эркиндикке чыккан.

Айыпталган кыз күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган. Ал милиционер анын колунан тартып жулкулдатканы үчүн стресс болгонун билдирген. Анын айтымында, ал бул аракетке жини келгенде аны камерага тартышып, чырдын чыгышын шартташкан. Ал видеодогу жаңжалга чейин эле милиционерге жанында документи жок экенин, анткени жакын жерде жашарын түшүндүрүп бергенин айтты.

22 жаштагы кыз менен милиционерлердин жаңжалы тартылган видео интернетте тарап, мындан улам кызга карата интернетте кодулоо башталган.