Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды эгемендүүлүктүн 29 жылдыгы менен куттуктады. Ал өз кайрылуусун бүгүн, 31-августта, борбордук «Ала-Тоо» аянтында өткөн майрамдык салтанатта жолдоду.

Анда өлкө башчысы эгемендүүлүккө жетүү үчүн ата-бабалар кылымдар бою күрөшүп, жанын берип, канын төгүп жүрүп азыркы урпактарга калтырган ыйык мурас экенин белгиледи.

«Быйыл, эгемендиктин жыйырма тогузунчу жылын жалпы дүйнөнү каптаган пандемиянын учурунда белгилеп жатабыз. Шартка жараша, жыл башында пландалган салтанаттуу иш-чаралар болбой калды. Эгемендүүлүк — бул эркин мамлекетте жашап жаткан эркин адамдардын — ар бирибиздин ички сезимибиздеги салтанат», — деди ал.

Президент пандемиянын алдын алуу үчүн Кыргызстан күрөштү тынбай улантып, кол куушуруп, мүңкүрөп отуруп калбаганын кошумчалады. Мындай оор учурда өлкөнүн саламаттык системасы менен экономикасы гана эмес, элдин ынтымагы дагы чоң сыноодон өткөнүн белгиледи.

«Биз, Кыргызстан эли, коомдук тилектештикти туу туткан журт экенибизди бышыктадык. Мына ушул күрөштүн жүрүшүндө ынтымак баарынан кымбат экенине дагы бир ирет ынандык. Биздин элде “алам” дегенден, “жардам берейин” дегендер көп экенин көрдүк», — деди мамлекет башчысы.

Ошондой эле, дарыгерлер, тартип сакчылары, аскерлер, ыктыярчылар, ишкерлер тикеден тик туруп, элдин өмүрүн жана саламаттыгын коргоого жан үрөп салым кошконун айтты.

«Бүгүн жалпы элибиздин атынан баарыңыздарга терең ыраазылык билдирем!

Тилекке каршы, айрым мекендештерибизден, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө опол тоодой эмгек кылган инсандарыбыздан айрылдык. Алардын ата-энесине, балдарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам», — деди президент.

Жээнбеков ошондой эле, өз куттуктоосунда жакынкы беш жылга иштей турган парламентке депутаттарды шайлоо ачык-айкын өткөрүлөрүн убадалады.