Атамбаевдин билдирүүсүн анын жактоочуларынын бири Замир Жоошев Фейсбук барагына жарыялады.

2020-жылдын 23-июнунда Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иштин алкагында аны 11 жыл 2 айга эркинен ажыратып, мал-мүлкүн конфискациялап, мамлекеттик сыйлыктардан ажыраткан өкүм чыгарган.

Атамбаевдин билдирүүсүндө Батукаевдин иши боюнча соттун өкүмү күчүнө киргени тууралуу маалымат жазылат. Бирок соттук териштирүү жабык өтүп, иштин материалдары купуя сыр болгондуктан, элдин көбү чындыкты билбей, ар кандай ушак-айыңдарга жана бийликтин жалаасына ишенип жатканы айтылат. Мындан улам Атамбаев кайрылуу жасоону чечкен.

Мурдагы президенттин маалыматына ылайык, УКМКнын 2012-жылы пландаган операциясы боюнча Жаныш Бакиев Кыргызстанга алынып келинмек. Операцияны башкаруу укугу УКМКнын ошол кездеги төрагасына [Шамиль Атахановго] тапшырылган. Атамбаев ошондой эле, өзүнө коюлуп жаткан айыптарга таптакыр макул эмес. Анын бир гана максаты болгон — Жаныш Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу.

АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВДИН "БАТУКАЕВДИН ИШИ" БОЮНЧА БИЛДИРҮҮСҮУрматтуу мекендештер!«Батукаевдин иши» деп аталган кылмыш...

Posted by Замир Жоошев on Tuesday, September 1, 2020

«Иш жүзүндө “Сокенин соту” мени канкор кылмышкер Жаныш Бакиевди жоопко тартуу боюнча УКМКнын операциясын колдоп бергеним үчүн 11 жылга түрмөгө отургузду. Чындык ушундай. Тилекке каршы УКМКнын операциясы ишке ашпай калган. Ага ким күнөөлүү же объективдүү себептер болгонбу – булар да эртеби-кечпи белгилүү болот. Кыңыр иш кырк жылда билинет!», – деп айтылат мурдагы президенттин кайрылуусунда.

Мурдагы президент кайрылуусунда азыркы болуп жаткан соттордон тышкары элдин соту, тарыхтын соту жана жарандардын соту бар экенин белгилеп, эртеби-кечпи акыры чындык жеңе турганын белгилеген.

Атахановдун көрсөтмөлөрү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин экс-төрагасы Шамил Атаханов Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге 2019-жылы август айында каршы көрсөтмө берген.

Сурак учурунда Атаханов Жаныш Бакиевди кармоо жана аны экстрадициялоо үчүн чечен тарап менен келишим болгонун, ага ылайык Батукаев өлкөдөн чыгарылганын ырастап, чуулгандуу иштин чоо-жайын айтып берген.

Сурак протоколунда жазылгандай, Атаханов УКМКнын төрагалыгына дайындалгандан 2-3 ай өткөн соң Атамбаев ага Жаныш Бакиевди кармап келүү операциясы тууралуу айтып, операцияны ишке ашыруунун мыйзамдуу жолдору аяктаганын билдерген. Бирок Атаханов УКМК өз күчү менен ишке ашыра турган операцияга акча бөлүү сунушун киргизген. Бирок сунуш көпкө чейин каралган эмес.

Атаханов ошондой эле, ага чечен лидери Рамзан Кадыровдун ишенимдүү адамы, Госдуманын депутаты Адам Делимхановдун мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин оорусу боюнча аны менен жолугушуу ниети бар экенин анын кишилери айтканын билдирген. Бул сүйлөшүү боюнча ал президент Атамбаевге маалымат берип, Делимханов менен жолугууга уруксат сураган.

Атамбаев жолугушууга уруксат берген соң Делимханов Бишкекке жеке учак менен келген. Сүйлөшүү учактын бортунда өткөн. Жолугушууда чечен саясатчысы Батукаевдин айыккыс ооруга чалдыкканын, аны мыйзамдуу жол менен абактан чыгарып, Чеченстанга экстрадициялоо керек экенин баса белгилеген. Кыргыз тарап Батукаевдин ордуна Жаныш Бакиевди Кыргызстанга экстрадициялоону сураган.

Делимханов бул маселени ишке ашыруу үчүн өз адамдары менен келишип көрүү керек экенин билдирген. Бир аз убакыт өткөн соң ал Атахановго телефон чалып, “алар Бакиевди Кыргызстанга тапшыра алышат” деген.

Атаханов сурак учурунда чечен тараптын Жаныш Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп бере турганы боюнча маалыматтын чыгып кетишине Феликс Кулов себепчи экенин айткан. Андыктан Жаныш Бакиев Бириккен араб эмирлигине учуп кетип, изин жашырган.

Батукаевдин иши

Бийлик Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти 2019-жылдын жаз айларында кайра тергей баштаган. Кримтөбөл лейкоз оорусуна чалдыкты деген медициналык аныктаманын негизинде бошотулган. Андан кийин ал документ жасалма экени белгилүү болгон.

Батукаевдин ишин иликтөө Атамбаевди экс-президенттик макамдан, кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратууга себептердин бири болгон.

Бул иш боюнча башка аткаминерлер да фигурант болуп өтүп жатышат. Алардын арасында ЖАМКтын экс-башчысы жана парламенттин учурдагы депутаты Зарылбек Рысалиев, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, мурдагы саламаттык министри Динара Сагынбаева жана мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов бар.

ИИМ Батукаевдин бошотулушу тууралуу иш боюнча Атамбаевди үч жолу суракка чакырган, бирок мурдагы президент тергөөчү менен жолугушуунун үчөөнө тең келбей койгон.

Натыйжада күч түзүмдөрү Атамбаевди күч менен кармашкан. Ал Кой-Таш айылындагы үйүндө эки күнгө созулган каршылык көрсөтүүдөн кийин колго түшүп берген. Атайын операция учурунда спецназдын бир кызматкери каза тапкан.