COVID-19га чалдыккан балдарда Кавасаки оорусуна окшош синдром пайда болушу мүмкүн — Штаб

Кадрларды кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча мамлекеттик медициналык институттун педиатрия кафедрасынын башчысы Венера Шүкүрова 2-сентябрда өткөн брифиңде өлкөдө COVID-19 жуктурган балдарды кантип дарылап жатышканын айтып берди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлигинин эксперттик тобу балдар арасындагы COVID-19га байланыштуу болгон көп системдүү сезгенүү синдромун дарылоо протоколун иштеп чыгарат.

Алгач Кавасаки оорусуна окшош синдром улуулардын арасындагы коронавирусту аныктоо жана дарылоо боюнча убактылуу нускаманын өзүнчө төртүнчү бөлүмүндө баяндалган.

*Медиктер балдарда мульти сезгенген синдромду май айында эле COVID-19 менен байланыштырышкан, ал учурда бул кошумча оору коронавирус жуктурган ондогон британиялык жана америкалык балдарда катталган. Синдромдун негизги белгилери: дене таптын жогору болушу, кызамык, көздүн кызылданышы, шишик жана дене сөөктөрүнүн какшып ооруусу. Британиялык педиатрлар болжошкондой, бул балдардын иммунитетинин вируска каршы кечигип реакция кылуусунун белгилери жана ал башка оорунун симптомдорун — Кавасакинин синдромун эске салат. Бирок эки синдромдун айырмасы Кавасаки оорусу дээрлик беш жашка чейинки балдарда гана кездешкенинде турат. Ал эми мульти сезгенген синдромдун белгилери 16 жашка чейинки өспүрүмдөрдө байкалган.

Мындан тышкары Шүкүрова балдар арасында коронавирус жуктуруу учурлары боюнча маалымат берди.

Ага ылайык, Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 1 120 адамда COVID-19 аныкталган. Алардын ичинен 117си — бир жашка чейинки ымыркайлар, 354ү — бирден беш жашка чейинки балдар, 649у — алтыдан 14 жашка чейинки балдар.

Ошондой эле, Шүкүрова коронавируска чалдыккан балдарды дарылоо үчүн өлкө боюнча 2 356 орунга ылайыкталган беш стационар даярдалганын айтып берди:

  1. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
  2. Кара-Суудагы балдар ооруканасы;
  3. Оштогу облустар аралык балдар ооруканасы;
  4. Бишкек шаарынын Медициналык тез жардам берүүнүн балдар клиникалык ооруканасы.
  5. Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы.