«Экономиканы туура эмес нукка бурушту». Аскар Акаев өзүнөн кийинки президенттерди сындады

Кыргызстанды 15 жыл башкарып, революциядан кийин качып кеткен өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев Кыргызстандын экономикасындагы маселелерге ким күнөөлүү экенин айтып берди.

«Менден кийинки үч президент экономиканы туура эмес нукка буруп кетишти. Дефициттик жолду тандап алышты, анткен менен экономиканы ички ресурстар менен өнүктүрүүгө болот эле», — деди ал «Жетинчи каналдын» журналисттерине Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев тууралуу айткысы келип. Мурдагы мамбашчы өлкө «15 жылдан бери плансыз жашап жатат» деп эсептейт.

Ал өзүнүн башкаруусун мактап, өлкө эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин «чыныгы демократиялык жол» менен бараткан, анда инфляция төмөн болуп, эл аралык донорлордун ишеними бар болгон деди.

«Эл аралык уюмдар программабызды гранттар менен колдоп турушкан. Эгер программаны аягына чыгарсак, Кыргызстан 2010-жылга карата экономикалык планда бай өлкөлөрдүн катарына кошулуп калмак. Бирок мунун орундалышына мүмкүндүк беришкен жок, саясий авантюристтер 2005-жылы төңкөрүш кылып, мен бийликтен кеттим. Менден кийин Бакиев келди, ал программа Акаевдики болгону үчүн гана аны токтотту», — деп эсептейт Акаев.

Биринчи качкын президент

Сүрөт: Акаевдин сайты

Өлкөнү эгемендүүлүк алгандан кийин дал ошол Аскар Акаев жетектей баштаган. Президент болгонго чейин ал илимий иштерди аркалап жүргөн. Президенттиктен кеткенден кийин илимге кайтып барган. Акаев жеке сайтында өзүн мындайча сүрөттөйт: «ири окумуштуу, чыныгы гуманисттик жана демократиялык көз караштын адамы». Ал 2017-жылы кызы Бермет Акаева менен бирге «Кыргызстан үчүн алдыга озуп өнүгүүнүн стратегиясы» аталышындагы китепти жазган.

Акаев 15 жылдык башкаруусунан, байкоочулар тарабынан таза эмес деп таанылган парламенттик шайлоодон кийин 2005-жылы бийлигинен ажырап, үй-бүлөсү менен Орусияга көчүп кеткен. Кийинчерээк, 2019-жылы 2005-жылдын 24-мартында өткөн «Жоогазын революциясы» боюнча үн каткан.

Мурдагы президент каршылык акциясынын катышуучуларынын көбү «криминалдын өкүлдөрү» болгон деп билдирген — бул тууралуу ага кабар беришкен, мындан тышкары «бул көрүнүп турган». Акаев каршылыкка чыккандарга каршы күч колдонууну сунушташканын, бирок ал андай кылуудан баш тартып, курмандыктарга жол бербөө үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин айткан.

Акаевдердин кланы

Аскар жана Майрам Акаевдер. Сүрөт: Акаевдин сайты

Кыргызстандын саясатында Аскар Акаевден тышкары балдары Айдар жана Бермет Акаевдер да орун табышкан. Анын жубайы Майрам Акаеванын таасири чоң деп эсептелчү, ал дагы өзүн саясатта сынап көргөн — Акаева 2000-жылы Кыргызстан аялдарынын партиясын жетектеген.

Айдар Акаев 2005-жылы өткөн парламенттик шайлоодо жеңишке жетишкен, ал эми революциядан кийин экономикалык кылмыштар үчүн соттолгон. Ал Орусиянын борбору Москва шаарынын батышында жайгашкан «Рублёвка» элиталык районунда жашаган. Айдар Акаев 2019-жылы каза болгон.

Бермет Акаева да 2005-жылы парламенттик шайлоодо жеңип, 2007-жылы Бакиевдин тушунда да талапкерлигин коюуга аракет кылган. Аны президенттик «Алга, Кыргызстан!» партиясынын негиздөөчүсү деп атап келишет. Бул партия 2005-жылдагы революциядан кийин саясаттан көрүнбөй калган.

Ал эми Акаевдин кенже балдары Саадат менен Илим Кыргызстандын саясий турмушуна катышууга үлгүрүшкөн эмес.