«Энеси үчүн кечирдим». Сот Улуттук гвардиянын жоокерин сүзгөн айдоочуну актады

Кыскача

Май айында, өзгөчө абал режими иштеп турган маалда Сокулуктагы блокпостто Улуттук гвардиянын кенже сержантын машина коюп кеткен. Анын кесепетинен ал башынан ачык жаракат алган. Сокулук райондук соту бул ишти карап чыгып, ал эми жабырлануучу сот отурумунда айдоочуну «анын энеси үчүн» кечиргенин айткан. Айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алганы менен сот аны актаган чечим чыгарган.

Кененирээк

21-майда Сокулуктагы блокпостто Улуттук гвардиянын кенже сержантын коюп кеткен айдоочуга каршы иш сотто каралды.

Айыпталуучу эмне деп айткан?

Айдоочу сотто сержант унаасынын капотуна өзү секиргенин жана ал нес абалда газды тепкенин, андан кийин «аларды жоокерлер кармап, капитан аны жерге жыгып алып автомат менен урганын» айтты. Бирок, ал аскер кызматчысын атайын сүзбөгөнүн билдирип, күнөөсүн мойнуна алды.

Жабырлануучу эмне деп айткан?

Улуттук гвардиянын кенже сержанты эч нерсе эсинде жок экенин жана кесиптештеринин сөзүнө таянып гана кырдаалга баа бере аларын билдирди.

«Көзүн ачканда ооруканада жатканын, оозу менен ичине трубка кадалганын көрдү», — деп жазылган соттун материалдарында.

Жабырлануучу тосмо арыз жазып, айдоочуга дооматы жоктугун, анткени аны «анын апасы үчүн кечиргенин» айтты.

Сот кандай чечим чыгарды?

Сот айыпталуучу керектүү документтери жоктугунан блокпосттон изин жашырып кетүүгө аракет кылып, ал эми жабырлануучу анын унаасынын капотуна секирип, айдоочу аны 15 метр сүйрөп кеткенин аныктаган.

Андан соң айдоочу бакты сүзгөн, ал эми жабырлануучу оор жаракат алган. Соттун материалдарында көрсөтүлгөндөй, жабырлануучунун «мээси оор даражада кокустап, баш сөөгүнүн төбөсү жана негизи сынып, мээси шишип, кулак гематоликхориясы пайда болуп, комага түшүп калган». Бул денеге оор залал келтирүү катары бааланат.

Жабыркаган аскер мамлекеттик айыптоочулардын доосун колдоодон баш тарткан. Натыйжада айдоочу 355-берененин 2-пункту «Бийлик өкүлүнө карата зомбулук» боюнча акталган. Бул «өмүргө жана ден соолукка кооптуу эмес зомбулук көрсөтүү», ал үчүн эркиндиктен ажыратуу жана штраф түрүндө жаза каралмак.

«Жабырлануучунун ден соолугуна зыян тийгизүүгө жабырлануучунун өзү сол жактан автоунаага секирип, машина сүзгөндүктөн эмес, темирге катуу кулагандыгынан улам оор жаракат алганы себеп болгон жана айыпталуучуда бийликтин өкүлүнө зомбулук кылуу ою болгон эмес», — деп ырастайт сот.

Сот жабырлануучунун сөзүнөн башка «төгүндөй турчу далилдер болгон эмес» деген чечим чыгарды.

«Сот айыпсыздык принциптерин жетекчиликке алып, айыпталуучунун пайдасына болгон бардык күмөндөрдү чечмелөө аркылуу айыпталуучуну актоо зарылдыгы тууралуу чечимине келди», — деп жазылган соттун материалдарында. Сот кылмыштын курамы жоктугунан улам айдоочуну актап, ал сот залынан бошотулду. Ошондой эле, сот кылмыш ишин токтотуу токтомун чыгарды.