Таш-Көмүрдө унаа дайрага кулап, эки кыз жана 9 жашар бала каза болду

Жалал-Абад облусунда жол кырсыктан эки кыз жана 9 жаштагы бала каза таап, дагы беш адам жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматы боюнча, Toyota Wish үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кетип, 50-60 метр бийиктиктен Нарын дарыясына кулаган.

Ведомство кырсык 1-сентябрь күнү Таш-Көмүр шаарында, Бишкек-Ош жолунун 449 чакырымында жүз бергенин кабарлайт.

«Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жабыркагандарды жана каза болгондордун сөөктөрүн чыгарып, тез жардам бригадасынын медиктерине өткөрүп беришкен. Жүргүнчүлөрдүн жана айдоочунун аты-жөнү такталууда», — деп кабарлашты ӨКМден.

Өлкөдө авто унаалар кандайдыр бир себептерден улам жолдон четтеп дайрага кулаган жол кырсыктары байма-бай катталат.

Бир жыл мурда, тагыраагы 30-июнда Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев, аны менен кошо айдоочусу, кызы, аялы баласы жана небереси жоголгон. Көп өтпөй эле Абдылдаевдин унаасы Көкөмерен дайрасына кулаганы белгилүү болгон. Абдылдаевдин жана айдоочусунун сөөгү 2-июлда, андан кийин аялы жана небересинин сөөгү табылган. Ал эми издөөнүн аягында, 14-июль күнү баласынын сөөгү табылган.

Материалдагы башы сүрөт иллюстративдүү.