Боронов: Адистер COVID-19дун экинчи толкуну ноябрда болот деп божомолдошууда

Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын 3-сентябрда өткөн жыйынында билдиргендей, адистердин божомолу боюнча коронавирустун экинчи толкуну ноябрда башталат. Анын айтымында, бул калктын өз ден соолугуна жана Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштарына «тоотпогон мамиле кылуусуна» байланыштуу.

«Бул коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталбашы, кафе жана ресторандарда элдин көп баруусуна байланыштуу. Калк эгер ден соолугуна көңүл кош караса, сентябрь айынын аягында эл массалык түрдө оорушу ыктымал», — деди ал.

Ага карабастан 4-октябрда өлкөдө парламенттик шайлоо өтүшү керек, анткен менен көптөгөн активисттер, партиялар жана депутаттар каршы чыгышкан. Алар шайлоого каралган акчаларды дары-дармек, врачтар үчүн жеке коргонуу каражаттарын, COVID-19 пандемиясына каршы күрөшкө керектүү аппараттарды сатып алууга жумшоо керектигин айтышкан.

Саламаттык сактоо министрлиги күзүндө Кыргызстанда COVID-19дун экинчи толкуну болоору тууралуу бир нече жолу болжогон. Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируста сасык тумоонукундай сыяктуу сезондугу жоктугун кабарлаган.

«COVID-19дун экинчи толкуну болбойт — бир эле чоң толкун болот. Ал көтөрүлүп кайра басаңдайт. Эң жакшысы бул толкундун көтөрүлүшүн болтурбоонун үстүндө иштөө оң болот», — деп айткан ДССУнун өкүлү Маргарет Харрис.

COVID-19дун Кыргызстанда күч алуусу

Май айында катаал чектөөлөр алынгандан кийин Кыргызстанда COVID-19 жуктуруунун саны кескин өсүп кеткен. Көрсө, республиканын айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө абал режими ишеп турган маалда, бийлик медперсоналды, орундарды, дары-дармектерди жана медициналык аппараттарды жетиштүү санда даярдап коюуга үлгүрбөй калган экен.

Учурда жарандарды Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларына карата тоготпой жатат деп айыптап аткан Боронов өзү мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен массалык жамааттык коштошууга катышкан.

Ал учурда өкмөттүн имаратынын алдында 100дөн ашуун адам чогулуп, алардын бардыгы беткапсыз болушкан.

Өкмөттүн жана парламенттин мүчөлөрү да Бишкектин ресторандарында өткөн массалык иш-чараларга барып атышканы байкалган.

2020-жылдын октябрында өтө турган парламенттик шайлоонун алдында Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуктургандар боюнча статистиканы азайта баштаганы күлкүлүү. Ведомствонун маалыматына ылайык, өткөн сутка ичинде Кыргызстанда оору жуктурган 78 адам катталган. Ошол эле июль айында Саламаттык сактоо министрлиги менен Республикалык штаб күн сайын миңдеген оору жуктургандар тууралуу кабарлап турган.