Материал 15:36да жаңыртылды

Ош шаардык милициясы 12 жаштагы кызды зордуктоого шектеп 30 жаштагы тайкесин кармады. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын жактоочусу Мухайо Абдураупова «Клоопко» билдирди.

Алгач Абдурауповага кыздын апасы кайрылган. Ал 1-сентябрь күнү бир тууган иниси менен кызын бирге көрүп калган. Бирок алар кийимчен болгондуктан зордуктоо эмес, сексуалдык мүнөздөгү ыдык болгон деп ойлогон.

«Алгач ал кызын төрөт үйүнө зордуктоо болгонун же болбогонун аныктоо үчүн алып барган. Ал жакта зордуктоо болгону тастыкталды», — деди Абдураупова.

Кыздын апасы Ош ШИИБге милициясына арыз менен кайрылган. Укук коргоо органдары ошол эле күнү бир тууган инисин кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Жактоочунун айтымында, шектүү күнөөнү мойнуна алып, бул биринчи зордуктоо болбогонун айткан.

«Алар бир үйдө жашайт экен. Ал [шектүү] кыздын апасына да, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө карата да зомбулук көрсөтүп келген. Кыздын тагасы алардын “тынчын алып, кууп, терезелерди сындырып” жүргөнүнөн ага карата арыз менен кайрылып жүрүшкөн экен», — деп кошумчалады Абдураупова.

Жабырлануучу кыздын атасы каза болгон. Ал эми апасы үч баласын жалгыз багып келет. Абдураупованын айтымында, окуя болгондон кийин аялдын канында канттын деңгээли жогорулап, бетинин бир жагы шал болуп калды.

Милиция аталган факт боюнча «Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Ал эми Ош ШИИБнин маалыматы боюнча, жабырлануучу кыз 11 жашта болгон.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 2019-жылы өспүрүмдөргө карата 2462 кылмыш жасалган — анын 184ү оор, 36ы өзгөчө оор жана 2248и жеңил.

Ошондой эле жашы жете элек балдарга 222 жыныстык зомбулук фактысы катталды. Башкы прокуратура аталган кылмыш өскөнүн жана кабатырланууга негиз болоорун билдирет. Жыныстык зомбулук эң көп Чүй облусунда катталган — 38. Андан кийин Бишкекте — 33, Ош шаарында — 27, ал эми Ысык-Көл облусунда 26 учур катталган.